Мазмунга өтүү

Балзаева Латыйпа

Википедия — ачык энциклопедия

Балзаева Латыйпа (1941-1991) Бычмачы-тикмечи. Кочкор районундагы Кум-Дөбө айылында төрөлгөн.

1961-ж. Бишкектеги № 17 кесипчилик-техникалык окуу жайын бүткөн. «Кыял» элдик көркөм кол өнөрчүлүк кесипчилик-техникалык окуу жайында башкы чебер, өнөркана башчысы болгон. Ал калпактын сегиз түрү боюнча үлгү жараткан. Ал үлгүлөр көркөм кеңештен өтүп, өнөрканадан көп нускаланган. Аларга: төрт талаасы машина аркылуу саймаланган көркөм оюму бар калпак, кооз сайма сайылган жалаң илме саймалуу калпак, калпактын жээги жана этеги кол ийне аркылуу бүткөрүлгөн калпак, жалан, кол ийне менен тигилген калпак кирет. Ал эми жаштарга арналгандарына төрт талаасына гана ичке кыюу түшкөн, ичи ичтелбеген, кийизден чогу бар, ак кийизди чыраштоо менен бүткөрүлгөн калпак кирет. Уздун калпактары ГДРдеги, Швецариядагы эл аралык көргөзмөлөргө катышып, ЭЧЖБСКнүн күмүш медалына татыктуу болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0