Баллистикалык ракета

Википедия дан

Баллистикалык ракета - (гр. ballo ыргытам) кыймылдаткычтарын өчүргөндөн кийин баллистикалык траектория боюнча учуусун улантуучу ракета. Ал айрым учурда аэродинамикалык туруктуулукту камсыз кылуучу турактооч (стабилизатор) менен жабдылат. Анын (континент аралык Баллистикалык ракетаны кошкондо) согуштук ракеталар, алып жүрүүчү-ракеталар, космос ракетасы ж. б. түрлөрү бар. Анын канаттуу ракетадан айырмасы учуп баратканда аэродинамикалык көтөрүү күчүн жаратуучу алып жүрүүчү бети (аянтчасы) жок. Ал бир жана көп баскычтуу болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4