Мукаш Балтабаев

Википедия дан
Балтабаев, Мукаш Руставлет уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Балтабаев Мукаш Руставлетович (1921- ж. т., Кочкор району, Кочкор айылы — 23.3.2020) — педагог, педагогикалык илимдеринин доктору (1974), профессор (1977), Кыргызстан УИА (1993), Россия педагогикалык ИАнын (1968) корреспондент мүчөсү, КРдин эмгек сиңирген мугалими (1981). Кыргыз мамлекеттик педагогика институттун (1952), Кыргыз педагогика илим-изилдоо институтунун аспирантурасын (1965) бүтүргөн.
1939-ж. Фрунзе педагогикалык жумушчу факультетин бүткөн.
1940—47-ж. Советтик армиянын катарында болгон, 1941—42-ж. Севастополду баатырдык коргоого катышкан.
1948—51-ж. Тбилиси мамлекеттик педагогикалык институтунда сырттан окуп, Грузиянын Гардабан районунун Ново-Ульяновск сегиз жылдык мектебинде мугалим болуп иштеген.
1951-ж. Кыргызстанга келип, Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтту 1952-ж. сырттан окуп бүткөн.
1951—53-ж. Фрунзе облусундагы Чүй орто мектебинде мугалим, директор, 1953—55-ж. Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1955—64-ж. Кыргыз ССР эл агартуу министрлигинде жогорку окуу жайлар бөлүмүнүн, мектептер башкармасынын начальниги, Фрунзе облустук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы.
1965— 66-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун проректору, 1966—75-ж. КМУнун педагогикалык кафедрасынын башчысы, 1975—80-ж. проректору, 1981—84-ж. Кыргызстан педагогикалык илимий изилдөө институтунун директору, 1984—90-ж. Орус тили жана адабияты институтунда кафедра башчысы, профессор.
1990-жылдан Бишкек шаарындагы бир катар жогорку окуу жайларында профессор-консультациячы болуп иштейт.
Балтабаев педагогикалык иши менен катар изилдөөлөрдү жүргүздү. Анын илимий эмгектери жалпы орто билим берүүнүн илимий педагогикалык проблемаларына арналган.
Балтабаев 100дөн ашык илимий эмгектин [анын ичинде "Кыргыз ССРинде « жалпы орто билим берүүнүн өнүгүүсү” (1978), "Кыргыз ССРинде элге билим 60 жыл ичинде" (1983) жана башка моногрaфиялардын автору. Ал "Кыргыз ССРинде педагогикалык ойдун антологиясы” (1988) атту ири эмгекти тузүп чыгарууну жетектеген,"Педагогиканын негизи" (1996) окуу китебин илимий редакциялаган. Кыргызстандын эмгек сиңирген мугалими (1981). 1-даражадагы Мекендик согуш", "Ардак Белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Педагогиканын теориясы жана тарыхы боюнча адис. Педагогдук иши менен катар жалпы орто билим берүүнүн илим-педогог маселелерине арналган изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 120дан ашык илим эмгектери бар. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш жана «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Эмгеги: Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР. Ф., 1978; Кыргызстанда элге билим берүү иши 60 жылда. Ф., 1983; Антология педагогической мысли Киргизской ССР (авторлош). М., 1988.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4