Султанов Балтакожо

Википедия дан
Балтакожо Султанов‎»‎ барагынан багытталды)
Балтыходжа Султанович Султанов
өзб. Болтиҳожи Султонович Султонов

Балтыходжа Султанов
Төрөлгөндөгү ысымы:

өзб. Болтиҳожи Султонович Султонов

Туулган датасы:

1884 жыл(1884)

Туулган жери:

Ош шаары, Ош уезди, Түркстан

Өлгөн датасы:

1919 жыл(1919)

Өлгөн жери:

Ош шаары, Ош уезди, Түркстан АССР

Жарандыгы:

Түркстан
 Кыргыз ССР

Кесиби:

Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, 1918-1919-жылдары Ош уездинин жетекчисинин орун басары, Кыргызстандын Түштүгүндө Советтик бийлик үчүн күрөштүн жетекчилеринин бири, Кыргызстандагы жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучусу[1], Ош шаарынын милициясынын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы.

Карьерасы:

1905 - 1919 жылдары

Балтыходжа Султанович Султанов (өзб. Болтиҳожи Султонов; (1884—1919) — мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмери, 1918-1919-жылдары Ош уездинин жетекчисинин орун басары. Азыркы Кыргызстандын түштүгүндө Советтик бийлик үчүн күрөштүн жетекчилеринин бири, Оштогу жумушчу-дыйкан милициясынын алгачкы уюштуруучусу (1918 жыл)[2], Ош шаарынын милициясынын негиздөөчүсү жана биринчи башчысы.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балтыходжа Султанович Султанов 1884 жылы Ош шаарынын улук аксакалы, миңбашысы молдо Султан Таирбаевдин үй-бүлөсундө Ош шаарында туулган. Б. Султанов революциядан алдын Ош шаарынын чыгыш бөлүгүн башкарган Ош шаарынын улук аксакалы, миңбашысы молдо Султан Таирбаевдин улук уулу жана Ош шаарынын улук аксакалы, миңбашысы молдо Кудрат Таирбаевдин[3] иниси болчу. Б. Султанов революция чейин Ош шаарында 15 январь 1887 жылы Ош шаарында ачылган орус-тузем мектепте мугалим болуп иштеген, андан ары бул мектеп 25 Октябрь болуп атын өзгөртүү. Б. Султанов орус-тузем мектепте китепкана ачты. Бул китепкана Кыргызстандын Түштүгүндө биринчи китепкана болгон[4].

Б. Султанов - Ош уездинде совет бийлигин орнотуу жана бекемдөө учун күрөштүн жетекчилеринин бири. Мусулман жумушчу жана чайрыкер депутаттарын Ош шаардык Кеңешинин түзүүчүсү жана уюштуруучуларынын бири (21 август 1917 жыл). 3 өлкө Кеңештердин курултайынын делегаты (1917 жыл). Аскер, жумушчу жана дыйкан депутаттарынын Ош уезди Кеңештин депутаты, түзүүчүсү жана жетекчилеринин бири болгон (16-17 январь 1918 жыл).

Советтик бийлик орнотуулгондон кийин - Ош шаарынын милициясынын негиздөөчүсү, уюштуруучусу жана биринчи башчысы (5 февраль 1918 жыл), андан кийин уезд тергөө комиссиясы башчысы. Апрель 1918 жылы Түркстан АССРынын түзүүлгонун жарыя кылган 5-Буткултүркстан Кеңештердин курултайынын делегаты. 1917 жылдын май айы аягында Ош шаарында РСДРП легалдуу топү түзүүлдү. Ага А.Г. Аношин, Б.С. Султанов, К. Кабулджанов, М. Сарымсаков кирген. 1918 жылдын август айына чейин Оштогу большевиктер партиялык уюму 26 адамды гана түзгон. Фергана облусунун Кеңештердин 6-курултайынан (6-7 декабры 1917 жыл) кийин уездарда бийлик Кеңештерге өтду жана Ош шаарында бийлик Ош Кеңешине өтүшү жөнүндө жарыяланган.

Мусулман жана чайрыкер депутаттардын Ош уезди Кеңеши чечүүчү добуш укугу менен өзүнүн үч өкүлүн: Б. Султанов, У. Касымханова, Ю. Алиевти уезд Кеңешине киргизди. Кеңештин чечими менен алар жергиликтүү калк депутаттары деп таанылды. 17 январь 1918 жылы кайтадан шайлоо ишке ашырылат жана Б. Султанов Ош уезди Кеңешин большевиктештирүүгө катышкан жана ал уезддагы пролетариат диктатурасы органы болуп калды. Ош уезди Кеңешинын башында А.Г. Аношин (Ош шаарынын большевиктер уюмунун биринчи төрагасы) жана анын орун басарлары Б.С. Султанов, Ю. Алиевтер турду. Б. Султанов Ю. Алиев менен бирге уезддик уюмдар менен өнөржай ишканаларында жумушчулардын көзөмөлдөөсүн киргизүү кыймылынын демилгечилери болгон. Советтештирүү процесси 5-өлко Кеңештердин курултайында бекитилди, 30 апрель 1918 жылы Түркстан АССР түзүүлгөнү жарыяланды, анын курамына Кыргызстан Түштүгү да кирди. Курултайдын ишине Ош уезди Кеңешинын делегат-большевиктери А.Г. Аношин, Б.С. Султанов, Л.Н. Гречанинов катышкан. 5 декабрь 1918 жылы Ош уезди кеңеши уезд-шаардык революцион комитети болуп кайра түзүлдү[5].

Ош уезди элге билим берүү тармагын өнүгүcүнө кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.С. Султановдун атасы Ош шаарынын улук аксакалдары жана миңбашылары молдо Султан Таирбаев жана анын тай акеси молдо Кудрат Таирбаев[6] Ош шаарында орус-тузем мектепти ачуу демилгечилери болгон. Ошол эле убакытта алар орус-тузем мектепти ачуу жана иштетуу учун чыгымдары боюнча акча каражаттарын беришкен. Ош уезди бийлиги "Калкты өз эрки менен мектептерди кармоо учун акча каражатын берүүгө даярдыгы, бул тузем калкы өзү жаш муунду орус тилине окуутуну зарыл болгонун жана пайдасын сезди" деп эсептеди. Орус-тузем мектептери - бул мектептин башталгыч билим берүү, Түркстан өлкөсун орус администрациясы тарабынан XIX кылымда жергиликтүү калктын балдарын окутуу үчүн ачылган. Бул мектептер европалык типтеги биринчи мектептер болуп, аларда Түркстан жергиликтүү калктын өкүлдөрү дин аралашпаган (светское) билим алышкан. Бул мектептердин максаты жергиликтүү калктын балдарын орус тилине окууту, европа жана орус маданиятарын баалуулуктарга кошулуу, алардын ичинен кийин чиновниктерди даярдоо[7]. Бул мектептерде орус тилин окууту биринчи жылынан баштап башталган.

15 январь 1887 жылы Ош шаарынын улук аксакалдары жана миңбашылары Султан Таирбаев жана анын бир тууганы Кудрат Таирбаев[8] Ош уездинин башчысы М.А. Ионов жана Түркстан өлкөсун бийлиги жардамында Ошто орус-тузем мектеп ачышты. Мектепте ошондо башчысы В.Ф Орлов, эки аял окутуучу, кийин мусулман сабаты мугалими Б.С. Султанов жана бир кызматчы иштешкен. Бул мектеп алгачкы орус-мусулман сабатын көндүмдөрүн гана берген, алар уезд жана волость кенже кызматчыларын даярдоо үчүн зарыл болгон. Ал эми 1915 жылы жергиликтүү орус-тузем окуу жайы өзүнүн класстарын жана мугалимдерин санын көбөйтөт. Эгерде мурда бул бир класска жай болсо, анда январь айынан баштап, Түркстан өлкөсу генерал-губернатору окуу жайы экинчи классты ачууга жана 1 мугалимди ишке алууга уруксат берди. Ошондо эле уезд башкармалыгы окуу жайын имараттын кеңейтүү үчүн окуу жайына 740 руб. 39 коп акча каражатын бөлүп берди. Аны менен бирге Ошто жадид мектеп ачылды, анда Балтыходжа Султанов менен саякатчы жана революционер Фазылбек Касымбеков (тарых мугалими) иштеген.

Совет мезгилинде Кыргызстандын Түштүгүндөгү элге билим берүү тармагын өнүгүшүнө кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Б.С. Султанов революция чейин орус-тузем мектепте мугалим болуп иштеген, ошондуктан ал элге билим берүү тармагына, Кыргызстандын түштүгүндө советтик мектептердин өнүктүрүү учун чоң көңүл бурду. Б. Султанов Ош облусун элге билим берүү тармагын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. 20 май 1918 жылы ал Ошто элге билим берүү кеңештин түзүүдө активдүү катышкан. 1918 жылдын август айында анын түздөн-түз катышуусу менен 95 орундуу биринчи бала бакча ачылган, 1918 жылы Ош уездинде 13 мектеп ачылган, анда 939 балдар жана өспүрүмдөр окууган. Б. Султановтун демилгеси менен ачка балдар жана жетимдер үчүн акысыз тамак уюштурулган.

Ош уезди милициясын уюштуруу жана жетектөө боюнча салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918 жылдын январь айынын аягында Ошто уезд-шаардык элдик милициянын уюштуруу боюнча аскердик комиссия түзүүлдү. 5 февраль 1918 жылы бул комиссиянын кеңсесинде элдик милициянын түзүү, аны курал-жарак менен камсыз кылуу учун калктан конфискацияланган курал-жарактарды өткөрүп берүү боюнча Оштогу коомдук уюмдардын биргелешкен жыйыны болду. Ош партиялык уюму уюштурулган элдик милициясына өзунун мыкты өкулдөрун жөнөттү. Ош шаарынын милициянын биринчи башчысы большевик Балтыходжа Султанов болду[9]. Андан сырткары Ош уезди милициясын түзүүдө Балтыходжа Султановдун иниси Насрулла Султанов активдүү катышты эле (Оштун биринчи милиционерлердин бири)[10], ал Өзбекстан ички иштер министринин орун басары Мухтар Насруллаевич Султановдун[11] атасы болгон.

Совет бийлигин бекемдөө мезгилинде милиция пролетариат диктатурасы органы гана эмес, революция жеңиштериң коргоодо турду, Кызыл армияны түзүүгө чейин анын функцияларын аткаруу менен, үгүт-массалык жана саясий-тарбиялык иштерди турмушка ашырды. Милиция кызматкерлери айылдык жана болуштук ревкомлору жана мусулман калкы арасында гезиттер таркатды. Жарандык согуш жана ага каршы басмачылык менен күрөшүү жылдары милиция функциясын аткарган өзүн-өзү коргоо отряддары жана доброволецтер отряддары түзүлдү. Басмачылыкка каршы күрөшүүдө Ош шаарынын милициянын башчысы, андан кийин уезд тергөө комиссиянын башчысы Балтыходжа Султанов мыктылык көрсөтүү.

Ош шаарынын милициянын негиздөөчүсү Б. Султанов уюштуруу-администрациялык чоң кыйынчылыктар менен кезигишүүгө туура келди. Ош округдук милиция калыптанышынын мезгилинде милиция кызматкерлери менен топтоо болгону 75% гана, анын ичинен 80% сабатсыз эле, жүрүү каражаттарынын, криминалистикалык техника жоктугу, милиция кызматкерлери орус-япон согуштун убагындагы япон өндүрүшүнүн трофейлик мылтыктар менен куралданган (КР БМА.Ф.1428.оп.1.д.23.л.23). Ош уезди кылмыш иликтөө бөлүмүнүн штаты (бул жана милиция толугу менен) аз сандуу болчу. Алсак, 1 январь 1920 жылга карата Ош уезди кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 21 кызматкери болгон.

Кыргызстандын түштүгүнүн маданиятын кошкон салымы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1914-жылы Рахмонберди Мадазимов жетекчилиги астында Ош шаарынын орус-тузем мектеби мугалими Балтыходжа Султанов менен бирге театралдык кружок негизделген.[12].

Жарандык согуштун убагында Ошко чектеш болгон райондор согуш майданына айланды. Ош шаарынын милициянын башчысы Балтыходжа Султановдун сунушу боюнча театралдык труппа бул фронттун катышуучусу жана большевиктер партиясынын үгүтчүүсү болуп калды. театралдык труппа Ош уездинин айылдарында, базарларда, аянттарда жана эл көп чогулган башка жерлерде спектаклдер жана концерттерди коюп, басмачылардын кара ниеттерин көрсөттү. Көрүнүктүү революция ишмерлери Балтыходжа Султанов жана Фазылбек Касымбековтор театралдык труппанын жаш жамаатына бутга турууга жардам берди.

Б. Султановдун кудасы Ош өзбек театрын биринчи негиздөөчүсү жана көркөм жетекчиси Рахмонберди Мадазимов мындай айтып жүргөн: Корбашы Мадаминбек Андижанга жакын жерлерде талоончулук кылып, тургундарга куралдуу кол салып журду. Ош шаарынын милициясынын башчысы Балтыходжа Султанов жана Ош гарнизону Андижан аскердик гарнизонун курал-жарак менен камсыз кылуу учун жардам берууну каалады. Бирок ал жакка куралды кандай жеткирүүгө болот? Бул көйгөйдү Ош театрын артисттери чечти. Арабаны жасалгалашты, анга курал-жаракты жайып коюшту, үстүнөн төшөктөр коюшту. Артист Рахмонберди Мадазимов грим сыйпоолоп жана чоң "ишан"-диний үгүттөөчү болду. Дагы эки актёр анын "муридтери"-шакирттери болуп калды. Өзүнө жакын мусулмандардын ыйык Куран китебин коюшту, аны окуп жолго тушту. Араба Ходжаабадга жакындап барганда ок атылганы угулду. Арабаны ондогон басмачылар курчооду. Ошондо арабакеч басмачыларга бармагы менен "жымжырт" деп белгисин көрсөттү жана парданы тартып койду. Басмачылар "ишан" жана анын "шакиртерин" көрүүшту жана жүгүнүүшту. Андан кийин аларды Андижанга чейин урмат менен жеткиришти. Курал-жарак менен камсыз кылуу үчүн труппанын мындай "постановкалары" бир нече жолу кайталанды.

Басмачылык менен күрөш[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1918 жылдын июнь айында большевиктер партиялык уюмдун жетекчилиги Аношин А.Г. Султанов Б.С. астында Ошто 70 доброволецтан Кызыл гвардия отряды түзүлгөн, кийин 1919 жылдын июлунда отрядда 160 адам болгон. Отряд тартипти сактаган, көйгөйлүү райондордо калкты нан жана тамак-аш менен камсыз кылган[13]. 1918 жылдын июлунда басмачылар бандалары Ошту басып алууга аракет жасашкан. Бирок Ош шаарыны коргоогон 1-Фергана полктун 70 доброволецы калкты колдоосу менен Андижан аскер бөлүгүнүн аскерлери жардамга келгиче чейин туруштук берди жана шаарды коргоой алды. Корбашы Мадамин бектин басмачылык бандалары жана К.И. Монстровдун кулактык-дыйкан армиянын бириккен кошууну өзгөчө коркунуч көрсөтүү, алар Фергана облусунда Совет бийлигин кулатуу учун умтулуушту. Кызыл армия бөлүгүндөгу аскерлер саныдан кыйла басымдуулук кылган Мадамин бек жана К.И. Монстровдун бандалары күчтөру Ош жана Жалал-Абадды басып алуу оңунан чыкты жана Андижанга чабуул жасады, анда Ош-Андижан участогунун аскерлер штабы жайгашкан. 26 сентябрь 1919 жылы Ош бошотулду.

1918 жылдын башында жана 1919 жылдын аягында Б. Султанов Ош шаардык милициясынын начальниги болуп иштөө менен өзүн мыкты жетекчи катары айгинелей алган. Ал жумушчу-дыйкандардын да сый-урматына ээ болгон. Б. Султанов ревкомго жана партиялык уюмдарга басмачылар менен каршы күрөшүүчү отряддарды уюштурууга чоң көмөк көрсөткөн. Басмачылардын колбашчысы Халходжа Б. Султановдун башы үчүн чоң суммадагы сыйлык жарыялаган. Эл милициянын жетекчисин калкаласа да бандиттер аны акыры колго түшүрүп, эр жүрөк коммунистти мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Тирүү бойдон аттын куйругуна байлап туруп, тытылган денесин шаардын көчөлөрүндө сүйрөтүшкөн. Ош милициясынын биринчи начальниги ушинтип курман болгон. Анын ордун кенже иниси Насрулло Султанов басып, 1919 жылы Ош милициясынын ири бөлүкчөсүн, андан кийин Сүлүктү, Өзгөн, Базар-коргон милициясын жетектеген.[14] Кенже иниси Насрулло Султановтун уулу Мухтар Насруллаевич Султанов милициянын генерал-майору, Өзбекстандын Ички иштер министринин орун басары (1979-1985, 1989-1991 жылдары) болуп иштеген.

1919 жылы Ош шаарынын коргоо учурунда Б. Султанов басмачылар колунан жырткычтарча аябай өлтүрүүлдү жана Ошто совет бийлиги учун күрөшүүдө курман болгон боордош мүрзөгө биринчи болуп көмүүлдү. Ал Ош шаарынын борбордук шаардык скверде жайгашкан, маданият үйүнүн (азыр орус православ чиркөөсү) алдында. "Түбөлүк от" мемориал комплекси мрамор плитасы астында боордош мүрзөгө 1919-1926 жылдары мезгилиңде курман болгон Кызыл армиянын жоокерлери көмүүлгөн, бул: Балтыходжа Султанов, Фазилходжа Касымбеков, Балтыхан Бабаджанов, Отабек Тиллабаев, Кузибай Ахмедов, Ахмаджон Юсупджанов, Валерий Бессонов, Петр Павленко, Леонтий Лавода, Александр Пономаренко. Көмүүлгөндөр саны болжол менен 100 кишини түздү[15]. Бул боордош мүрзөгө мемориал тактайлар менен стилобаттар орнотуулгон. 1974 жылы боз мрамордон болгон стеланы билдирген эстелик ачылган, анда өтмө ассиметрикалык жылдыз оюлган. Анын алдында кара мрамор плитада Түбөлүк от жагылган. Бул стелада колодон куюп жасалган создор жазылган: "Совет бийлиги учун күрөшүүдө курман болгондорго Түбөлүк даңк".

Б. Султановдун сүрөтү Кыргыз ССР улуттук илимдер Академиясы тарабынан 1987 жылы чыккан Ош облусунун Энциклопедиясын 389 бетте жайгаштырылган, ал жөнүндө маалымат 60, 101, 143, 209, 308, 331, 350, 379, 388, 414 беттерде, Кыргыз ССР улуттук илимдер Академиясы тарабынан 1982 жылы чыккан Кыргыз ССР Энциклопедиясын 135 бетте, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору тарабынан 2003 жылы чыккан Кыргыз Тарыхы Энциклопедиясы, А. Абдугафуровтун 2000 жылы чыккан "Оштун көрүнүктүү инсандары" жана Ысмайыл Кадыровтун 2008 жылы чыккан «Кыргыздын гиннесс китеби»нин 78 бетте китептерде жазылган.

Бандиттик топторго каршы айыгышкан күрөшүү кырсыгынан жүздөгөн Кыргызстандын милиция кылмыштууларды издөө кызматкерлеринин жана алардын арасында алгачкы милициянын башчылары Балтыходжа Султанов, Атажан Сулейманов, Газыбай Козубаев. Кыргызстандын тарыхында биринчи жумушчу-дыйкан милициянын түзгөндөр аты-жөну түбөлүккө калат. Бул Б.С. Султанов, Э. Алиев, А. Орозбеков, Ж. Шадилов, С. Мураталин, Т. Токбаев, И. Көбөков, С.Ф. Касымбеков[16][17].

Султанов, Балтакожо (18841919) - мугалим, Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөштүн катышуучусу. Ош шаарында туулган. «Мусулман жумушчулар менен чайрыкерлер союзун» уюштуруунун демилгечилеринен. 1917-жылдын декабрынан Ош советинин мүчөсү. 1918-ж. Ош шаарында милициянын начальниги, андан кийин уезддик тергөө комиссиянын начальниги болуп иштеген. Элге билим берүүгө, советтик мектептерди көбөйтүүгө көп көңүл бөлгөн. Басмачыларга каршы күрөшкө катышкан. Революциянын душмандары өлтүргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Энциклопедия Киргизской ССР, изданная Академией наук Киргизской ССР в 1982 году, раздел "Победа Великой Октябрьской социалистической революции в Киргизии", стр.135.
  • Энциклопедия Ошской области, изданная Академией наук Киргизской ССР в 1987 году, стр.60, 101, 143, 209, 308, 331, 350, 379, 388, 389, 414.
  • А.Абдугафуров "Видные сыновья Оша", 2000 год, город Ош.
  • Ысмайыл Кадыров «Кыргыздын гиннесс китеби», Бишкек, "Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору", 2008 жыл. 216 б., 78 бет.[18]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. «Кыргыздын гиннесс китеби» 78 бет(жеткиликсиз шилтеме)
  2. «Кыргыздын гиннесс китеби» 78 бет
  3. Письмо начальнику Ошского уезда В.Н.Зайцову от жителей г. Ош и всего Ошского уезда. Текшерилген күнү 29 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2015.
  4. Памяти "Первой ласточки"
  5. Центразия Персоны. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  6. Письмо начальнику Ошского уезда В.Н.Зайцову от жителей г. Ош и всего Ошского уезда. Текшерилген күнү 29 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2015.
  7. Русско-туземные школы служили сближению туземцев с русским населением. Текшерилген күнү 29 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 6 -декабрь (бештин айы) 2015.
  8. Письмо начальнику Ошского уезда В.Н.Зайцову от жителей г. Ош и всего Ошского уезда. Текшерилген күнү 29 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 17 -декабрь (бештин айы) 2015.
  9. В Ошском ГУВД отмечают годовщину создания городской милиции
  10. Кыргызская милиция (материал из кыргызской Википедии)
  11. Центразия. Текшерилген күнү 29 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 22 -декабрь (бештин айы) 2015.
  12. Ош старейший театр республики отметил своё 95-летие
  13. Ошский отряд Красной гвардии. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 4 -март (жалган куран) 2016.
  14. Кыргыз милициясынын тарыхы. Текшерилген күнү 27 -февраль (бирдин айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 27 -февраль (бирдин айы) 2017.
  15. Читательница жалуется, что на братской могиле мемориального комплекса Вечный огонь в Оше устраиваются увеселительные мероприятия‎
  16. Кр Иим - Мвд Кр. Текшерилген күнү 24 -декабрь (бештин айы) 2015. Түп булактан архивделген күнү 14 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  17. Ош шаарындагы Касымбеков көчөсү
  18. «Кыргыздын гиннесс китеби» 78 бет

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]