Мазмунга өтүү

Балтика дөңсөөсү

Википедия — ачык энциклопедия

Балтика дөңсөөсү - Балтика деңизин бойлой жаткан мореналык адыр-күдүрлүү тилке.

Даниядан, Германия, Польша аркылуу Батыш Двинага чейин созулуп жатат - Уз. 1500 км ге жакын, туурасы 80-90 км, бийиктиги 200-300 м. Көлдөр өтө көп (ирилери: Мюриц, Снярдвы, Мам-ры). Аралаш жана жазы жалбырактуу токой каптап жатат. Суу өрөөндөрү Балтика дөңсөөсүн Мекленбург, Поморск, Мазурск дөңсөөлөрүнө бөлөт. Рельефинин көпчүлүк формалары соңку плейстоцен муз доорунда пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.