Балыкчы булуңу

Википедия дан
Ысык-Көл (2007).

Балыкчы булуңу - Ысык-Көлдүн эң ири булуңу; анын батыш бөлүгүндө жайгашкан. Чырпыкты кыштагынан меридианы боюнча кеткен 100 м изобат сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 кмге чейин, эң кууш жери Торайгыр жана Туура-суу жарым аралдардын аралыгында 13,5 км. Булуңдун батышынан чектеген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук-чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыштуу. Түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү акку- муляциялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жарым чөлдүү жээгиндеги Бозбармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620–1640 м бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Бозбармактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 м изобат сызыгы жээктен 3–5 кмге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили менен гана Торайгыр жана Туурасуу сайларынан суу акканыба йкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар. (к. Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл макалаларын). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1857-жылдан 1984-ж. чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 км2ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 м тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугунун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 м тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 м, чуңкурдугу башталышында 5–6 м, орто бөлүгүндө 20 мдей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байланыштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мурдагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзөнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туурасуунун уландысы; ал 10 м тереңдиктен башталып, 120 м тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0–1,2 км, чуңкурлугу 40 мге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер болгондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 ммден ашык). Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таасиринен булуңдун деңгээли 30смге чейин өзгөрүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили менен сейши кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (35-40 м тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт.Бул балырлар чирип, күкүрттүү суутек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан дарылоодо жана чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, карп, ошондой эле маринка балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары жана пристаны жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]