Кумар уулу Балык

Википедия дан
Балык Кумар уулу‎»‎ барагынан багытталды)

Балык (Бекмурат) Кумар уулу (1799-1887) - өз заманынын эң атактуу манасчыларынын бири болуп саналат. Эркек болгон ал киши

Омүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1799-жылы Талас өрөөнүндө төрөлгөн.Балык Кумар уулу балалык кезинен турмуштун оор запкысын көрүп, тагыраак айтканда бир канча турмуштун кыйынчылыктарын башынан өткөргөн.Балык эл жомокторун,ырларды жана ошондой эле "Манасты" 13-14 жашынан баштап айыл арасында айта баштаган.Эр жеткени өзүнүн таланты менен Талас өрөөнүн башкарган Ажыбек даткага жагып көп жылдар анын жан жигити болуп жүргөн.Кийинчерээк анын манасчылык өнөрүнө кызыгып,урматтаган Байтик баатыр Чүйгө көчүрүп алган жана ошол жерде жашап 1887-жылы дүйнөдөн кайткан.

Ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Балык сөз өнөрүнүн чоң устаты болгондуктан ошол мезгилдеги Жаныш, Сокур Калча, Эсенаман, Чоңду, Назар сыяктуу ырчылар "Манас" айтууну андан үйрөнүшкөн. Ал манасчылык менен ырчылык өнөрдү бирдей алып жүргөн, акындардын айтышына катышып, ырчылык өнөрдүн чоң чебери экендигин көрсөтсө да баарынан мурда эл арасына манасчы катарында таанылган. Балык "Манас" эпосунун мазму