Мазмунга өтүү

Бандар-Сери-Бегаван

Википедия — ачык энциклопедия
Борбор шаар
Бандар-Сери-Бегаван
ӨлкөБруней
ОкругБруней-Муара
Координаттар04°53′30″ с. ш. 114°56′30″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы1967-жылга чейин — Бандар-Бруней
1970-жылга чейин — Бруней-таун
Аянты100,36 км²
Борборунун бийиктиги7 м
Климатынын түрүэкватордук (Af)
Убакыт аралыгыUTC+08:00
Калкы
Расмий тилималай тили
Калкы 202 715[1] адам (2011)
Жыштыгы2020 адам/км²
Улуттук курамымалайлар, китайлар, индиялыктар
Диний курамымусулмандар, будисттер, протестанттар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду+673 02
Сайтыwww.municipal-bsb.gov.bn  (мал.)

Бандар-Сери-Бегаван (мал. Bandar Seri Begawan) — Бруней султандыгынын борбору жана эң ири шаары.

Расмий түрдө 100,36 км² аянтты камтыган муниципалдык аймак болуп эсептелет. 2007-жылкы маалымат боюнча калкы болжол менен 100 700 адамды түзгөн. Шаар Бруней-Муара округунун курамына кирет — бул өлкөдөгү эң кичине, бирок калкы эң көп жашаган округ болуп, анда өлкө калкынын 70% ашыгы жашайт[2].

Бандар-Сери-Бегаван Брунейдин расмий түрдө жалгыз шаары болуп саналат. Шаарда өлкөнүн мамлекеттик бийлигинин бутактары жайгашкан, ошондой эле соода жана маданий борбор. Шаар мурда Бруней-Таун деп аталган, аталышы 1970-жылы Брунейдин XXVIII султаны жана азыркы султан Хассанал Болкияхтын атасы Омар Али Саифуддин III урматына азыркы аталышына өзгөртүлгөн.

Бандар-Сери-Бегаван шаарынын тарыхы Бруней дарыясынын жээгинде суу үстүндө курулган малайлардын кыштактарынан башталат. Бул кыштак бүгүнкү күнү Кампонг Айер деп аталат. Шаар XVI кылымдан тартып Бруней султандыгынын борбору болуп келет. XIX кылымда Бруней Британиянын протектораттык аймагына айлангандан кийин да борбордук макамын сактап калган. XX кылымда британиялык резиденция ачылган соң, кургактыктагы мамлекеттик башкаруу органдары негизделип, суу үстүндөгү айылдардын тургундары акырындап кургактыкка көчө башташкан. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында, шаар 1941-жылдан тарта жапон аскерлери тарабынан басып алынып, 1945-жылы союздаштар тарабынан бошотулган. Брунейдин Британиядан көз карандысыздыгы 1984-жылдын 1-январында шаар борборундагы аянтта жарыяланган.

Бандар-Сери-Бегаванда Гиннестин рекорддор китебине кирген, дүйнөдөгү эң чоң адамдар жашаган Истана Нурул Иман сарайы жайгашкан[3]. Ошондой эле өлкөнүн символуна айланган Омар Али Саифуддин мечити да ушул шаарда орун алган. Мындан тышкары, дүйнөдөгү эң ири «суу үстүндөгү айыл» — Кампонг Айер да ушул жерде орун алган, аны көп учурда «Чыгыштын Венециясы» деп аташат[4]. Шаарда 1999-жылы XX Түштүк-Чыгыш Азия оюндары жана 2000-жылы APEC VIII саммити өткөн.

Этимологиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурун шаар Бруней Таун же малайча «Бандар Бруней» деп аталып келген[5][6]. Бандар-Сери-Бегаван шаары Брунейдин XVIII султаны Омар Али Сайфуддиен III урматынан аталган[7]. Ал 1967-жылы уулу Хассанал Болкияхтын пайдасына тактыдан баш тартканда «Сери Бегаван» (санскр. श्री भगवान्) кыргызчага которгондо «жаркыраган жана ыйык» деген мааниде[8]) наамы ыйгарылган[9][7]. Шаардын аталышы 1970-жылдын 4-октябрында XX кылымда Омар Али Сайфуддиен III өлкөнү модернизациялоодогу кошкон салымын эскерүү үчүн, анын урматтынан аталган[10][11][12].

Тарыхый булактарда Бруней дарыясынын жээгиндеги конуштар VII кылымдан бери белгилүү. 1970-жылга чейин шаар «Бруней» деп аталган[13]. Тарыхый өнүгүшүндө шаар үч жолу ордун алмаштырган: алгачкы конуштар Кота-Батуда жайгашкан, андан кийин Кампонг-Айерде болгон, жана акырында азыркы шаар жайгашкан аймакка көчүп келген.

1920-жылы конуш расмий түрдө шаар макамын алып, Британиянын колониялык башкаруусунун борбору болуп, «Бандар-Бруней» деген атка ээ болгон. Малай тилиндеги «бандар» сөзү «шаар» дегенди билдирет.

Шаар XX кылымда алты жолу кеңейген: 1931, 1936, 1940, 1949 жана 1956-жылдары. 2007-жылдын 1-августунда Бруней султаны шаар аймагын 12,87 км²ден 100,36 км²ге чейин кеңейтүү боюнча жоболорду бекиткен.

Бруней–Муара округунун аянты 563 км² түзөт жана Брунейдин округдарынын арасынан аянты жагынан эң кичинейи. Бул округда Брунейдин борбор шаары Бандар-Сери-Бегаван жайгашкан. Бул аймак чыгыштагы тоолуу Тембуронг округунан кескин айырмаланат жана жапыз тоолору, баткактуу жээктеги түздүктөрү жана негизги дарыялардын боюндагы тар аллювий өрөөндөрү менен айырмаланат[14]. Тутонг округу менен борбордун ортосунда тоолор жээкке жакын жайгашкан, ал эми Бандар-Сери-Бегаван айланасындагы жээк түздүктөрү, айрыкча түштүк тарабында, төмөн жана баткактуу.

Бруней дарыясы Бруней булуңуна куят жана ал Бандар-Сери-Бегаван шаарына жакын бир нече дарыялардын кошулган жери болуп саналат. Негизги чакан дарыялары – Кедаян дарыясы, Сунгай Дамуан[14].

Шаардын климаты экватордук жана нымдуу, жыл бою жаан-чачын жаап турат жана жаан-чачындын жылдык орточо көлөмү болжол менен 3000 мм түзөт. Абанын орточо айлык температура +26…+28 °C тегерегинде.

Бандар-Сери-Бегавандын 1982-2012-жж. аба ырайы
Көрсөткүч Үчт Бир Жал Чын Буг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Жыл
Абсолюттук максимум, °C 33,9 35,3 38,3 37,6 36,4 35,5 35,7 36,6 35,5 34,7 34,5 36,2 38,3
Орточо максимум, °C 30,0 30,0 30,8 31,4 31,5 31,5 31,1 31,0 31,0 30,8 30,6 30,5 30,8
Орточо температура, °C 27,0 27,1 27,6 28,0 28,1 28,1 27,7 27,6 27,6 27,5 27,4 27,4 27,6
Орточо минимум, °C 24,1 24,2 24,4 24,7 24,8 24,7 24,3 24,3 24,3 24,2 24,3 24,4 24,4
Абсолюттук минимум, °C 18,4 18,9 19,4 20,5 20,3 19,2 19,1 19,4 19,6 20,5 18,8 19,5 18,4
Жаан-чачын нормасы, мм 316 172 162 208 254 215 237 222 304 329 371 357 3 147
Булак: Climate-Data.org: Bandar Seri Begawan

Боордош шаарлары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]