Донатас Банионис

Википедия дан
Банионис (Банёнис) Донатас‎»‎ барагынан багытталды)

Банионис (Банёнис) Донатас - (28. 4. 1924-ж. туулган, Каунас) литва актёру, СССР эл артисти (1974). Литва ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1969). 1941- 2000-ж. Паневеж драма театрынын актёру (1980- Д. Банионис. «Жансыз мезгил» фильминен кадр. 1968. 84-ж. башкы режисеры, 1984-88-ж. көркөм жетекчи жана директор), 1984-ж. Литва консерваториясын бүткөн. 100 дөн ашык ролдо ойногон: Эдвардас (А. Венуолис, «Күүгүмдө»), Тесман (Г. Ибсен, «Гедца Габлер»), Эдгар (А. Стриндберг, «Өлүм бийи») ж. б. 1957-жылдан кинофильмдерге тартылат: «Эч кимдин өлгүсү келген эмес» (СССР мамлекеттик сыйлыгын, 1967), «Жансыз мезгил», «Гойя, же болбосо таануунун оор жолу», «Мистер Ман-Кинлинин качуусу» (СССР мамлекеттик сыйлыгын, 1977). Банионис түзгөн образдар психология терендиги, таасирдүүлүгү жана ийкемдүүлүгү менен айырмаланат. А Пазылов.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4