Мазмунга өтүү

Банк аткарымдары

Википедия — ачык энциклопедия

Банк аткарымдары – КР мыйзамдары боюнча лицензияда атайын көрсөтүлгөн банктар менен кредиттик уюмдар гана иш жүргүзүүчү аткарымдар: а) аманатчылар менен макулдашылган шартта өз атынан депозиттерди тартуу; б) каражат берүүчү менен макулдашылган шартта өз атынан өзүнүн каражатын же башка жактан табылган каражаттарды жайгаштыруу; в) КР улуттук валютасында жеке жана юридикалык жактардын эсебин ачуу жана жүргүзүү; г) кардарлар менен банк-мүчөлөрүнүн тапшырмасы боюнча эсеп-кысап иштерин жүргүзүү жана ага кассалык кызмат көрсөтүү; д) төлөм документтерин (чек, аккредитив, вексель, ж. б.) анын ичинде кредиттик жана төлөм карточкаларын чыгаруу, сатып алуу, төлөө, кабыл алуу, сактоо жана төлөм документтерин бекемдөө; е) карыз милдеттенмелерин сатуу жана сатып алуу ( факторинг ), карыздарды, сумманы жыйноо максатында жактардын коммерциялык ишин каржылоо үчүн карыз же вексель боюнча төлөнүүгө жатуучу жөнөкөй жана которум векселдерди сатып алуу жана сатуу (форфетирлөө); ж) мыйзам ченемдик актыларга ылайык КРУБ тарабынан берилген шартта баалуу кагаздарды карызга берүү (депозиттик күбөлүктөр, облигациялар, жөнөкөй векселдер); з) жөнөтүүчүнүн же өндүрүүчүнүн мүлкүн кредиттөө шартында банк ортомчу катары чыккан каржылык лизинг боюнча аткарымдарды ишке ашыруу; и) жеке жана юридикалык жактар менен келишимдин шартында акча каражаттары ишенимдүү башкарууну жүргүзүү; к) банк кепилдигин берүү. Жогоруда саналып өткөн Б. а-нан сырткары, банк КР мыйзамдарына ылайык өз иштерин камсыз кылууга зарыл болгон башка да бүтүмдөрдү жүргүзүүгө акылуу.

== Колдонулган адабияттар ==