Банк эрежеси
Көрүнүш
Банк эрежеси – банк жана башка кредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу укуктук ченемдер. Банк эрежелери көбүнесе КРУБнын көрсөтмөсү, тапшырмасы, нускоо каты жана телеграммасы таризинде жүрөт. Мындай ченемдер аркылуу, адатта, кредиттик мекемелер тарабынан баалуу кагаздарды чыгаруу эрежелери, төлөм ж. б. банк документтерин жол-жоболоштуруу тартиби, банк эсеп-кысабынын (тигил же бул банк документтеринин жардамы менен) тартиби, аргандай банк аткарымдарын, анын ичинде кардарларды тейлөө кызматын жүргүзүү эрежелери белгиленет.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7