Баратакун уулу Кичикакун

Википедия дан

Баратакун уулу Кичикакун (1880, Нарын ш. — 17.10.1959, Ош ш., Сулайман тоосу) — алгачкы агартуучулардын бири, табып.
Бухарадан, Кашкардан билим алган. 18 жашында Каппа ажынын медресесинде бала окуткан. Эсенгул, Калпа, Касымалы, Казы манаптар менен үзөңгүлөш болгон. Кеңеш бийлигин орнотууга активдүү катышкан. Үркүндөн кайтып келип, ачкачылыкка кабылган элге көптөгөн жардамдарды уюштурган. Ошол мезгилдеги кедейлер тобунун жетекчиси болуп шайланган, "жер-суу реформасы" боюнча көп иштерди аткарган.
1937-ж. "эл душманы" катары репрессияланып, мал-мүлкү конфискацияланган.
1924—30-ж. 100 тандалмалуу атты Буденныйдын атчандары үчүн жөнөткөндүгү жөнүндө документтин негизинде камактан бошотулган.
Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Нарындагы кийим тигуу фабрикасын жетектеп, жоокерлерге тон, байпак, колкап жасап жөнөтүп турушкан. Нарын шаарында А. Кыдырназаровдун атасы Кыдырназар менен бирдикте ашкана ачып, жергиликтүү элди тамак-аш менен камсыз кылууга көмөктөшкөн. Колунда болгон дүнүйөсүн сатып бир танкалык акчаны фронтко жөнөткөн. Нарындын чоң көпүрөсүн (Эсенгулдун көпүрөсү) курууга активдүү катышкан. Табыпчылык кылып, элди дарылаган. Байыркы чыгыштын илимпоздорун жана алардын чыгармаларын жакшы билген билимдүү киши болгон. Табыпчылык өнөрүн врач уулу Ашыке Кичикакунов улантууда.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.