Барбол (кондитердик үй)
Барбол ― Кыргызстандагы кондитердик жана нан азыктарын өндүргөн жергиликтүү өндүрүштүк компания.
Тарыхы[1]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Компания 2008-жылы ишкер Канатбек Акаев тарабынан негизделген. Ишкана өндүрүш тармагында иш алып баруу менен жаңы жумуш орундарын түзүүнү максат кылган.
Түзүлгөндөн бери компания кондитердик жана нан азыктарын өндүрүүнү өнүктүрүп келет. Ишмердүүлүгүнүн алкагында өндүрүш технологияларын жакшыртуу жана ассортиментти кеңейтүү багытында чет өлкөлүк адистер менен кызматташкан.
Компаниянын фирмалык дүкөндөрү Кыргызстандын түштүк аймагында, атап айтканда Ош, Манас жана Ноокат шаарларында жайгашкан. Мындан тышкары, бир катар соода түйүндөрү менен кызматташат.
Ишканада кадрларды даярдоо жана башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча ички окутуу механизмдери иштейт. Компанияда өндүрүш, соода, маркетинг жана башкаруу тармактарында адистер эмгектенет.
Максаты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Компаниянын негизги максаты — керектөөчүлөрдү кондитердик жана нан азыктары менен камсыз кылуу аркылуу улуттук мейман-достук салтын колдоо.
Өндүрүш жана иш алып баруу принциптери[2]
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Барбол» компаниясы торт, токоч, кекс сыяктуу кондитердик азыктарды, ошондой эле кара буудай нанын өндүрөт. Айрым продукциялары шайкештик сертификаттарына ээ.
Компания Кыргыз Республикасындагы Халал индустриясын өнүктүрүү борбору менен кызматташып, халал стандарттарына байланыштуу окуулардан жана сертификация процедураларынан өтөт.
Өндүрүш процессин өркүндөтүү максатында чет өлкөлүк адистер менен кызматташуу тажрыйбасы бар. Компаниянын маалыматы боюнча, ассортиментти кеңейтүү жана сапатты жогорулатуу багытында технологиялык жаңылануулар жүргүзүлүп келет.
Ишканада кызматкерлерди окутууга багытталган ички окуу системасы иштейт.
Компаниянын продукциялары фирмалык дүкөндөрдө, супермаркеттерде, азык-түлүк дүкөндөрүндө жана башка соода түйүндөрүндө сатылат.
Эскертүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Илона Ахматова/Economist.kg/ Кондитерская фабрика "Барбол" создала 345 новых рабочих мест и расширила производство 07 июль 2023
- ↑ Ишкер Медиа/ Оштогу "Барбол" кондитердик компаниясынын негиздөөчүсү Канатбек Акаев: Өзбекстандын таттуулары рынокту ээлеп алышты/ Бизнес Маек/ Назира Абдиева - 08 июня 2023