Мазмунга өтүү

Барктабас кызы Шарипа

Википедия — ачык энциклопедия

Барктабас кызы Шарипа Оймочу. 1939-ж. Ысык-Көл районундагы Чоң-Сары-Ой айылында төрөлгөн.

Орто билимдүү. Сайма сайып, курак чыгарып, түймө түйүп кол учунан майда-чүйдө буюмдарды кармаган. «Көптүрмө сайма», «таңдай сайма» өңдүүлөргө аттанып түшкөн. Көркөм оюм чыгаруу ыкмасын үйрөнүүдө Шарипа айылдашы Койчуева Жүзүмкандын нускасын алган. Шарипа «мүйүз оюмдарынын» элементтерин арбын пайдаланат. Элдик оюмдары жалпы оюм аркылуу табакчаланып, ортолук оюму, четтик оюму аламычтанбай тумарчаланат да, туташ оюмдарды пайда кылат. Анын бир табакчасынын ичинде төрт бөлүк туташат. Мунун ар бириңде «ит куйрук оюму», «кочкор мүйүз» оюмдарынын көркөм элементтери «кыялданып» кетет. Бул «Шарипа кыялы» деп аталат. Оюмду майда берип, өз ара төп кетет. Буюмундагы кызыл өңдүн айкалышы илгерки кыргыздардын «кара шырдагын» элестетет. Жалпы алганда үлгү алма шагынын бутактанып кеткен түрүн көрсөтөт. Ага ак-сарыдан берилген «аламычтын» ар кандай элементтери жарашат. Ал эми четтик оюмдарынын кооздугу ортолук оюмга үндөшүп, оймочунун чыныгы чыгармачылыгын айгинелейт. Эски салттуу оюмду улап туташ оюмда кийизди өөн-бучкаксыз, кесинди-үзүндүсүз шар оёт. Мындай шырдактын ортосуна төрт табакча түшөт да, анын четтери үч бурч (колтук оюм) болуп, андан үч жүрөкчө чыгат. Шарипа ушундай ыкма аркылуу он үлгү кармаса да ага түшкөн көркөмдүк он бөлөк көрүнөт. Шырдактын өзүнө «табак оюмунун» четин өзүнчө табакча, тегерек жүрөкчө кылып берүү уздугу Шарипада күчтүү өнүккөн. Анысы ортолук оюмга окшошот. Уз шырдак оюмдарынын араларын ачык калтырбайт. Оюм элементтери толкун-толкун өңдөнүп, өзүнчө туунду элементтерден улам оюмдун көз тайгылткан кооздугу чыгат. Шарипа эгер кызыл менен жашыл өңдү (мала кызыл, ачык жашыл) беттей шырдак жасаса, анын «аламычын» сөзсүз ак-карадан тандайт. Мында оюм ортолук оюмдун кооздугун толуктайт. Анда «милтенин» (бул жердиктер «жээк» дейт) жибин уз кызылдан чалат. Илгери кара шырдакты «ала шырдак» деп айтышкан. Ага ала кийиз («карала кийиз») дегендей ак кара өң гана беттешет. Ал эми «табак оюм» Шарипанын оймочулук өнөрүндөгү негизги нук. Анын эки четине жүрөкчө кылып, ортосуна эки жарым жүрөкчөнү пайдаланып шырдак жасоосу көпчүлүктүн купулуна толот. Эмгеги баттамада.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0