Мазмунга өтүү

Барпы атындагыЖалал-Абад облустук кыргыз драма театры

Википедия — ачык энциклопедия

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрыКыргызстандын түштүгүндөгү эң ири жана тарыхый театрлардын бири

Кыскача маалымат:

Жайгашкан жери: Манас шаары, Токтогул аянты

Аталышы: Кыргыздын залкар акыны Барпы Алыкуловдун ысымында

Негизделген жылы: 1930-жылдар (облустук деңгээлде калыптанган)

Статусу: Облустук мамлекеттик театр

Театрдын чыгармачылык багытын кыргыз жана дүйнөлүк классикалык драматургия, улуттук, элдик эпосторго жана тарыхый инсандарга арналган спектаклдер, азыркы доордун көйгөйлөрүн чагылдырган заманбап пьесалар, балдар жана өспүрүмдөр үчүн коюулар, тарыхый эпикалык, социалдык, психологиялык драмалар, комедия, музыкалуу спектаклдер, жомоктор сыяктуу түрдүү жанрдагы спектаклдер түзүп келе жатат.

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын жетекчилиги адатта төмөнкү негизги кызматтардан турат.

Негизги жетекчилик курамы:

Директор – театрдын жалпы ишмердүүлүгүнө, каржы-уюштуруучулук иштерине жана стратегиялык өнүгүүсүнө жооп берет.

Көркөм жетекчи – репертуардык саясатты аныктайт, спектаклдердин көркөм деңгээлин көзөмөлдөйт.

Башкы сүрөтчү – сахна жасалгасы, костюм, көркөм чечимдерди иштеп чыгат.

Музыкалык бөлүмдүн жетекчиси – спектаклдердин музыкалык партитураларын иштеп чыгуучу, музыкага тиешелүү иштерге жооптуу.

Адабий бөлүмдүн башчысы – пьесаларды тандоо, инсценировкалоо, драматургдар менен иштөө.

Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын түпкү тарыхы XX кылымдын биринчи жарымынан башталат. 1921-жылы Жалал-Абад облусунда алгачкы үгүт бригадалары уюшулуп, шаардын жаштары жыйындарды өткөрөрдүн алдында жана элди чогултуу максатында өздөрүнүн программасын тартуулап турушкан. Андан кийин мамлекеттик жана райондук лекторлор чыгып жаңылыктарды элге айтып баяндама жасашкан.

Отузунчу жылдарын экинчи жарымында колхоз-совхоз театры болуп ачылган. 1935-жылы драмалык ийрим элдик театрдын башаты катарында негизделип кыргыз, өзбек труппалары иштей баштайт. 1939-жылы Москвада өткөрүлгөн кыргыз маданияты жана искусство күндөрүнүн биринчи декадасында ошол эле элдик театр У. Гаджибековдун "Аршин  Мал - Алан"  музыкалык драмасы менен катышкан. 1955-жылы Өзгөн театрынын базасында түзүлгөн. Туңгуч режиссёру А. Ниязалиев, Э. Токтогулов болушкан. Театр Т. Абдымомуновдун «Борбаш» спектакли менен ачылып, башкы ролдорду К. Медетбеков, Б. Алиев ойногон. 1960-жылы 6-ноябрда азыркы театрдын имаратынын курулушу бүткөрүлүп маданият сарайы болуп иштей баштаган. 1961-жылы орус элдик театры маданият сарайынын алдында уюшулуп, алгачкылардан Д.В.Заданович жетектеп жана режиссёр болуп украинче күлкүлүү опера И. Катяровскийдин "Натолка - Полковка" комедиясы, И. Кеслеранын "Эх Вы", Н. Назарованын "Единственный сын!" спектаклдери коюлган. 1983-1986-жылдары орус элдик театры кыргыз элдик театры аталып Т. Субанбековдун "Утуш", Ш.Эсенгуловдун "Бүтпөгөн сөз", А. Балбекиндин "Жайлоодогу торгойлор", Л.Гинзбургдун "Канатсыз куш" спектаклдерин коюлуп, режиссёру Султанбаев Абдирашит Курбанович жетектеп келген.

1992-жылы 13-мартта Жалал-Абад шаарынын мэри Исманов Касым Мадаминовичтин №79-р буйругу менен жана губернатор Бекмамат Осмоновдун колдоосунда Жалал-Абад шаардык кыргыз театры түзүлгөн. Профессионалдык театрдын ачылышында, Р. Усмановдун "Эне түшү", Айкүмүш Аксынын "Тактынын тагдыры" трагедиясы коюлуп, режиссёру М. Назаралиев болгон.

1993-жылы 23-мартта Тагаев Абдыжапар Абдыкааровичтин 159-р буйругунун негизинде облустук статус жана ошону менен бирге белгилүү төкмө акын Барпы Алыкуловдун ысымы ыйгарылган. Директору болуп А. Дубанаев, режиссёру Р. Усманов дайындалган.

Ал эми сүрөтчү-коючулар: Кайырниса, Жанаргүл Өмүрзакова, Кубат Айтиев, Чынара Чотурова, Таалай Козубаев, Тамара Бостонкулова, Арзыбек Романов, Руслан Абдуллаев өңдүү талантуулар эмгектенишкен жана учурда иштеп жаткандар бар.

Ушул учурда Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрында: КР эл акыны Рахматулла Козукеев, КР эл артистери Бакыт Жумалиев, Абдылда Иманкулов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери Шайырбүбү Мамбетова жана Адыл Абдивахитов, Кыргыз Республикасынын Ардак граматосынын ээлери Галина Коңурбаева, Гулипар Гаипова ошондой эле Маданияттын мыкты кызматкерлери кыргыз театр искусствосуна кызмат кылып келе жатышат.

Эгемендүүлүк алган жылдан берки Барпы атындагы Жалал-Абад облустук кыргыз драма театрынын касиеттүү сахнасында ойнолгон коюлумдардын тизмеси:

-       “Эне түшү” – автору жана режиссёру Р. Усманов (1992)

-       “Сыйкырдуу данек” – автору: И.Исламов, режиссёру: Т.Апыев (1993)

-       "Генийдин үрү" – автору: А.Темирова, режиссёру - А Абдыкалыков (1994)

-       "Дубал" – автору: С. Раев, режиссёру: Р.Усманов (1994)

-       “Үч торопой” – орус эл жомогу, режиссёру: А.Кыдыралиева (1995)

-       "Киотого кеткен жол" – автору: М. Гапаров, режиссёру: Р.Усманов (1996)

-       “Чет элдик идея” – автору: А.Козлов, режиссёру: А.Эшалиев (1997)

-       “Бетме-бет” композициясы – автору: Ч.Айтматов, режиссёру: А.Эшалиев (1998)

-       "Ч. Айтматов каармандары менен Бетме-бет" - режиссёру: А.Арыкбаев (1999)

-       "Курманбек" – автору: О. Станбеков, режиссёру: А.Арыкбаев, А.Абдыкалыков (2000)

-       "Эзоп" – автору: Г. Фигерейдо - режиссёру: А.Абдыкалыков (2000)

-       “Тагдыр” – автору: С.Абдыкеримов, режиссёру: А.Арыкбаев (2001)

-       "Мен билбеген булак” – автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2001)

-       "Жарыктык карыларым" – автору: Т. Абдумомунов, режиссёру: Б. Жумалиев (2002)

-       "Ыйык жол" – автору: М. Тойбаев, режиссёру: Б. Жумалиев (2003)

-       “Тозок” – автору: С.Раев, режиссёру: А.Арыкбаев (2004)

-       "Кошуналардын жаңжалы" – автору: К.Голдони, режиссёру - А. Гамиров (2004)

-       “Маңкурттун кайтып келиши” – автору: С.Абдыкеримов, режиссёру: А.Султанбаев (2005)

-       "Атанын тагдыры" – автору: Б. Жакиев, режиссёру: Р.Усманов (2005)

-       "Жалпы үйдөгү чыр-чатак" – автору: С. Абдыкеримов, режиссёру: Р. Усманов (2006)

-       "Мырзакул болуш" – автору: А. Актанов, режиссёру: Б. Жумалиев (2006)

-       "Мактым сулуу" – автору: А. Оморов, режиссёру: Б. Жумалиев (2007)

-       "Назбийке" – автору: А. Оморов, режиссёру: Б. Жумалиев (2007)

-       “Калем сыры” - автору: А. Оморов, режиссёру: Б. Жумалиев (2008)

-       “Кар ханышасы” – орус эл жомогу, режиссёру: А.Арыкбаев (2008)

-       “Таажы” – автору: С. Раев, режиссёру: А.Арыкбаев (2009)

-       “Аяз кыз” – автору: Я.Грим, режиссёру: А.Арыкбаев (2009)

-       “Эне бейит” – автору: Ч.Айтматов, режиссёру: А.Арыкбаев (2010)

-        "Мен сени өлтүргүм келген" – автору: Ш. Дыйканбаев, режиссёру: Б. Жумалиев (2010)

-       "Коңшулар" – автору: С. Абдыкеримов, режиссёру: Б.Жумалиев (2011)

-        “Насирдин жана анын алтын эшеги” – автору: Ш.Козуев, режиссёру: У.Өмүралиев (2011)

-       “Сыр сандык” - автору: А. Оморов, режиссёру: Б. Жумалиев (2011)

-       "Ак кеме" – автору: Ч. Айтматов, режиссёру: А.Текешов (2012)

-       “Күтүү” – автору: Г.Алиева, режиссёру: А.Исаков (2013)

-       “Бир татым туз” – автору: Н.Осипова, режиссёру: Э.Боромбаев (2013)

-       “Үч каракчы” – У.Жукенов, режиссёру: Н.Мырзаканова, Б. Жумалиев (2014)

-       “Жалган жалаа таш жарат” – автору: М.Курьязов, режиссёру: Б. Жумалиев (2014)

-       “Кыз узатуу салты” – автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (1-ДК оюндары - 2014)

-       “Адам” – автору: С.Раев, режиссёру: К.Мусаев (2014)

-       “Жаңы жылдык балаты” - автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2014)

-       “Тукубай Тайгараев” – автору: О.Станбеков, режиссёру: Б.Жумалиев (2015)

-       “Адашкан адам” – автору: М.Байжиев, режиссёру: Э.Бекболиев (2015)

-       “Саманчынын жолу” – автору: Ч.Айтматов, режиссёру: Ш.Мамбетова (2015)

-       “Сумрфиктердин тополоңу” – автору: автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2015)

-       “Жаныбек казы” – автору: Э.Турсунов, режиссёру: Т.Апыев (2016)

-       “Курманбек баатырдын эрдиги”, “Келин алуу” - автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2-ДК оюндары - 2016)

-       “Улуу үркүн” – автору: Б.Жакиев, режиссёру: Т.Апыев (2016)

-       “Каркыранын канаты” – автору: Д.Киносита, режиссёру: Б.Жумалиев (2016)

-       “Алиса укмуштар ааламында” - автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2016)

-       “Ханума” – автору: А.Сагарели, режиссёру: Т.Апыев (2017)

-       “Каардуу сыйкырчы - автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2017)

-       “Суу берчи, чаңкап өлүп келатам” – автору: Ч.Айтматов, режиссёру: Б. Жумалиев (2018)

-       “Келин алуу” каада салты – автору: О.Стамбеков, режиссёру: Б. Жумалиев (Кырчын жайлоосундагы фольклордук фестиваль - 2018)

-       “Беш бармак кантип жаңылды” - автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2018)

-       “Кыял” – автору: Ж.Кулманбетов, режиссёру: Б. Жумалиев (2019)

-       “Төөнүн чыры” -  автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2019)

-       “Күттүргөн жазда келер” автору: Б.Жакиев, режиссёру: Б. Жумалиев (2020)

-       “Бобо менен Тобо” -  автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2020)

-       “Гиппократтын анты” – автору: Э.Садыкова, режиссёру: Б. Жумалиев (2021)

-       “Өмүр кечиндеги өкүт” – автору: Н.Альдо, режиссёру: У.Карыпбаев (2021)

-       “Сыйкырчы кемпир” -  автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2020)

-       “Он экинчи күн” – автору: М.Байжиев, режиссёру: Б. Жумалиев (2022)

-       “Түнкү кат” - автору: Ж.Кулманбетов, режиссёру: Ш.Мамбетова (2022)

-       “Алтынчы палата” – автору: А.Чехов, режиссёру: Т.Апыев (2023)

-       “Генийдин үрү” – автору: А.Темирова, режиссёру: Т.Апыев (2023)

-       “Талант жана тагдыр” – автору: Ж.Кулманбетов, режиссёру: У.Алимова (2023)

-       “Кыйылган өмүр” – автору жана режиссёру: К.Ниязбеков (2023)

-       “Кар кишилер” -  автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2023)

-       “Окуя - автору: М.Байжиев, режиссёру: Б. Жумалиев (2024)

-       “Бейишке сапар” – автору: С.Жетимишов, режиссёру: Б.Султанбаев (2024)

-       “Оттун чыры” -  автору жана режиссёру: Б. Жумалиев (2024)

-       “Метранпаж” – автору: А.Вампилов, режиссёру: С.Касьянов (2025)

-       “Менин мугалимим” - автору жана режиссёру: К.Ниязбеков (2025)

-       “Нурамандын ак чатыры” – автору: А.Төлөнбаев, режиссёру: Р.Исмаилов (2025)

-       “Дүрпааша” – автору: М.Курьязов, режиссёру: А.Жуманов (2025)

-       “Хаги-ваги” – автору жана режиссёру: Р.Исмаилов (2025)

Азыркы учурда театрдын директору Элдияр Келгенбаев, ал эми көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбеков

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1