Барскон

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Айыл
Барскон
Барскон
Район Кыргызстан
Координаттар 42.156959°0′0″N 77.601135°0′0″E / 42.15696°N 77.60113°E / 42.15696; 77.60113Координаттары: 42.156959°0′0″N 77.601135°0′0″E / 42.15696°N 77.60113°E / 42.15696; 77.60113
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 6 912 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Барскон (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

Барскон (кырг. Барскон) — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Жети-Өгүз районундагы айыл. Барскон айыл округу составына кирет.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкы - 6 912 киши. [1]

Жайгашкан жери[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыркы жазуучу, тарыхчылардан калган маалыматтарга таянсак, шаар VIII-XIII кылымдарда дүркүрөп өнүгүп-өскөн экен. Өзүнүн ыңгайлуу географиялык абалы боюнча Жибек Жолунун бир тармагы өткөн стратегиялык орунду ээлеп турган. IX-XIII кылымдардагы мусулман жазма да ректеринде шаарды Барсхан, Жогорку Барскан, ал эмиайрым араб жазмаларында Нушжан, Жогорку Нушжандеп да аташкан. Орто кылымда туулуп, өскөн Махмуд Кашгари “Диван лугататтүрк” (1072-1074-жж) аттуу эмгегинде дүйнөнүн картасына шаарды Барсхандеген ат менен түшүрүп, элдик этимологиясын берген. Махмуд Кашкари өзү Барсхан шаарында төрөлгөн деген божомол бүгүнкү күндө да жашап келет. Ал эми “Худуд-ал аалам” (“Дүйнөнүнчектери”) аттууэмгекте: “Барсхан көл жээгинде жайгашкан, абаддалган, бай шаар”, – деп жазылган.

Тарыхта калган из[оңдоо | булагын оңдоо]

Орто кылымдагы бул шаар Барскоон суусунун чатына жакын жерден, оң өйүзүнөн, орун алган. Шаарчептен, мунарадан жана мунаранын тегерегиндеги кенен аянттан турган экен. Кийин черээк чарба жумуштарынын айынан толугу менен талкаланып жок болгон.Тек кийингана археологдор казуу иштерин жүргүзүүдө коломтолору бар бөлмөлөрдү, чарбалык оролорду, чоподон, таштан, жаны барлардын сөөгүнөн ж. б. Материалдардан жасалган буюмдарды табышкан. Бул материалдар VIII-XIII кылымдарга таандык. Шаар тууралуу жогорудагы тарыхый булактардан башка булактарда да биртоп жолу эскерилет. Мисалы,Абдусаид Гардизи “Зайн ал Акбар” (“Кабарлардын көркү”) деген чыгармасында Барсхан шаары 6000 куралдуу аскер береаларын белгилеген. Шаардын жайгашкан орду стратегиялык жактан өтө ыңгайлуу, ал жерден Жибек Жолунун негизги тармагы өткөн. Андан сырткары,шаар Барскоон капчыгайынын оозуна жакын жайгашып, капчыгайга кирип-чыккандарды, ошондой эле, Ысык-Көлдүн жээги аркылуу өтүүчү жолдорду көзөмөлдөп тургандыктан,шаар четинен билинбей өтүү мүмкүн эмес эле. Гардизидагы мындай дейт: “Барсхандыноң жагында экитооашуусу бар”.Балким, ал булл жолду айтуу менен Кытай жергесине Улуу Жибек Жолу аркылуу өтүүчү ашууну эске алган чыгаар. Ал – бүгүнкү күндө Кумтөр кенине алып барчу жол. Бирок, Кытайга жол толук жабылган.

Абдусаид Гардизинин “Зайнал-ахбар” аттуу тарыхыйчыгармасында шаардын пайда болушу тууралуу уламыш жазылып калган. Уламыштадүйнө жүзүнсогуш менен ээлепкеле жаткан Зулпкайнар (Александр Македонский китептеушун-дайчааталат) б. з. ч. 329-324-жылдар аралыгында Перс мамлекетине кол салып, жеңиш менен кайтат. Бирок, Зулпкайнардын вазирлери арабдардын өтө акылдуу, көрөгөч,билимдүү, согуш жүргүзүү тактикасын мыкты билген адамдардан экенин айтышат. Ошондо, Басып алуучу каратыпалган аймактын аттуу-баштуу адамдарынын уулдарын чогултуп,туткундап, өзү менен кошо Кытай аркылуу Индияга ала кетмекчи болот. Бирок, Ысык-Көлдүн жээгиндеги Барскоон капчыгайынын оозуна келгенде, чалгынчылар ашуудан өтүү.

Манас эпосунда[оңдоо | булагын оңдоо]

Барскан — топоним. Жакып агасы Байдан Нескара алты миң кол менен Манас аттуу баланы издеп келе жатканын угуп, Балта карыяны Жети-Суу, Ала-Тоого кабарга жөнөтөт. Балта тынымсыз алты күн жүрүп, Иле суусун кесип Барскан, дарканда жашагандарга болгон окуяны кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 192). Манас кан шайланганда кандыктын ээлигине кирген аймак катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Бул эпизоддордогу Барскан — жердин жана шаардын аты. 9—10-кылымдан баштап араб-перс авторлорунун эмгектеринде кездешкен маалымат боюнча Барскан шаары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Тоңго жакын жерден орун алган, карамагында төрт чоң жана беш кичине кыштак болгон. 9—11-кылымда бул жерлерде чигилдер жашаган. Б-дын башкаруучусунун «манак», «жетебин» аттуу титулу болгон. Ал керек учурда алты миң аскер чогулта алган. Батышынан Талас, Чүй өрөөнү, Боом капчыгайы, түштүгүнөн Фергана, Ош, Өзгөн, Арпа, Нарын аркылуу келген соода жолдору Барскан шаарына келип кошулган. Түрк элиндеги уламыштарда Яфеттин эки баласы болуптур. Анын бири Түрктүн Тутель, Барсхан жана Илак аттуу перзенттери болгон экен. Алардын акыркы үчөөнөн чигил, барскан жана илактар (Ангрен өрөөнүндө жашагандар) тараптыр. Бул уламышта Б-дын жана анын аймагын мекендеген чигилдердин эскертилиши бекеринен эмес.

Шаардын пайда болушу[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги макала: Барскон шаары

Абдан оор экенин, тамак-аш жана жылкылардын тоюту тартыш экенин айтышат. Зулпкайнар туткундап келе жаткан арабдарды айласыздан бошотуп, капчыгайдын оозуна таштап кетет. Ара жолдо калышкан перс элинин жогорку даражадагы адамдарынын уулдары Ата-мекенине кайтып барууга көздөрү жетпей, азыркы Барскоондун ордуна Барсхан шаарын курушкан экен. Кылымдар бою көлдүн суусу акырындык менен көтөрүлүп отуруп, ал шаар толугу менен суунун астында калат. Суутартылгандан кийин гана археологдор көлдүн түбүндө шаар бар экендигин изилдеп далилдешти. Бүгүнкү күндө да толкундар Суунун түбүнөн тарыхый мурастагы байыркы шаардан кабар берген ар кандай буюм-тайымдарды жээк кешилеп турат экен. Баарынан да көлдүн түбүнөн Александр Македонскийдин дооруна таандык куралжарак табылгандыгы өзгөчө кызыгуу туудурат.

Шаркыратмасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизги макала: Барскон шаркыратмасы

Барскоон өрөөнүнүн батыш капталынан агып түшкөн Шаркырак суусунун ортоңку агымындагы карбондун (алмаздын бир түрү) тегинен түзүлгөн тик кашаттан агыптүшүп, 10-15 метрге чейин фонтан сымалчачырап турат. Бул шаркыратманын бийиктиги 24 метрге жетсе, андан бир топ метр төмөн, бийиктиги 12 метрге жеткен экинчи шаркыратма да бар. Ал абдан кооз көрүнөт жана шаркыратмага жылдын бардык мезгилинде барууга болот. 1975-жылы шаркыратмалар табият эстелиги катары мамлекеттик коргоого алынган жана СССРдин тушунда Юрий Гагарин космоско барып келгенден кийин,1962-жылы, шаркыратманын Жанындагы чоң ташка кол тамгасын жазып калтырган. Ал бүгүнкү күндө да сакталып турат.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

No iwiki template.gif Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок.
Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]