Барскоон колтугу

Википедия дан
Барскон колтугу‎»‎ барагынан багытталды)

Барскоон колтугу - Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги булуңча. Барскон кыштагынан 3,5 км аралыкта. Узундугу 1 км, туурасы оозунда 0,9 км, тереңдиги 50 м дей. Барскон суусу куят. Батыш жээги жантайыңкы, чыгышы тик; түштүк жана түштүк батыш жээктеринде кумдуу жазы тилке жатат. Төрүнөн 200 м аралыкта голоценде көлдүн деңгээли көтөрүлгөндө пайда болгон шилендилер кезигет. Булуңчанын таманы чөкмө (кум, алевролит, чополуу илээшкек) тектерден туруп, көл тарапты карай жантаят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4