Барскоон кырсыгы

Википедия дан
Барскон кырсыгы‎»‎ барагынан багытталды)

Барскоон кырсыгы ― 1998-ж. 20-майда Барскон суусундагы көпүрөдөн Кумтөр алтын кенин иштетүүчү комбинаттын оор жүк ташуучу автомашинасы 20т цианиддүү натрий (NaCN) менен сууга кулап түшүүсүнөн пайда болгон экология өзгөчө кырдаал. Автомашина сууда беш жарым саат жатып, 1762 кг уулуу зат эрип, каналдар аркылуу Барскон, Тамга кыш-нын айдоо аянттарына тарап, көпчүлүк бөлүгү Ысык-Көлгө кошулган. Адистердин шашылыш чыгарган чечиминен кийин, бул уулуу заттын зыяндуулугун азайтуу максатында 1555 кг кальций гипохлорити [Са(С10)2] чачылган. Бирок бул ишти жүргүзүүдө эреже толук сакталбай, негизги зыян ушундан болгонун атайын түзүлгөн эларалык комиссия аныктаган. Комиссия суудан, топурактан алынган (4000ден ашуун) анализдерге таянып, анын концентрациясы адамдын ден соолугуна, жандуу жана жансыз объектилерге зыян келтирчү деңгээлге жетпегенин белгилеген. Булгоочу заттардын эң жогорку концентрациясы (78 мг/л) автомашина сууда жаткан алгачкы сааттарында гана байкалып, аны суудан алып чыккандан кийин кескин азайган. Ошол кезде абанын, суунун температурасынын жогору болушу цианиддин эришин жана бууланышын тездетип, айлана-чөйрөгө болгон терс таасирин азайткан. Ал эми гидрохимия изилдөөлөрдүн негизинде Барскон булуңунун суусуна курамдык-функциялык өзгөрүүлөрдү киргизип, фитопланктондорго жана суунун гидрохимиялык сапатына булгоочу заттардын зыяны минималдуу болгонун аныктаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4