Мазмунга өтүү

Барс (футбол клубу)

Википедия — ачык энциклопедия
Кыргызстан Барс
Негизделген 2024[1]
Стадиону «Ынтымак Арена»
Машыктыруучусу Испания Франсеск Бонет
Капитаны Кыргызстан Валерий Кичин
Мелдеш Жогорку Лига
2025 Чемпион

«Барс»Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарында жайгашкан профессионалдуу футбол клубу. 2024-жылдын аягында негизделип, азыркы учурда Кыргызстан Жогорку Лигасында мелдешет.

Кыргызстан чемпиону (2025). «Барс» Каракол шаарындагы 3380 көрүүчү батырган «Ынтымак Арена» стадионунда ойнойт.

Алгачкы сезон жана чемпиондук

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2025-жылы Премьер-лигадагы командалардын саны 10дон 14кө чейин кеңейгенден кийин «Барс» лиганын дебютанты болду[2]. Ошентип, Кыргызстандын жогорку чемпионатында ойногон Ысык-Көл облусунан чыккан 2000-жылдан бери алгачкы клуб болду (2011-жылы «Ысык-Көл» командасы сезон маалында мелдештен чыгып кеткен)[3].

Команданын сезон алдындагы алгачкы бет ачары 2025-жылдын 3-мартында Бишкек шаарында өттү[4]. «Барстын» башкы машыктыруучусу болуп Кыргызстандын улуттук курама командасынын мурдагы машыктыруучусу Александр Крестинин дайындалды[5]. Крестининден тышкары командага «Ак шумкардын» оюнчулары: Кайрат Жыргалбек уулу, Мирлан Мурзаев, Марсель Исламкулов, Фархат Мусабеков, Айзар Акматов, Арген Жуматаев, кураманын капитаны Валерий Кичин жана башкалар кошулушту[6][7][8].

«Барс» алгачкы беттешин 2025-жылдын 5-мартында Премьер-лиганын биринчи туру алкагында Беш-Күңгөй айылынан чыккан «Талант» клубуна каршы өткөрүп, 0:3 эсеби менен ири эсепте утулуп калды[9]. Клуб алгачкы жеңишине 2025-жылдын 29-мартында чемпионаттын 3-турунда «Бишкек Сити» командасына каршы матчта жетти (1:0)[10].

Кыргызстандын кубогунун 1/8 финалында «Таланттан» 1:2 эсеби менен утулгандан кийин Крестинин башкы машыктыруучу кызматынан кетти[11]. Анын жетекчилиги алдында «Барс» чемпионатта 12 турдан кийин үчүнчү орунда болуп, болгону эки жолу гана утулган. Жаңы башкы машыктыруучу болуп Мирлан Эшенов дайындалды[12]. Ата мекендик адистин жетекчилиги астында клуб төрт оюн өткөрүп, алардын экөөсү учурдагы чемпион «Абдыш-Ата» менен болуп, бир да жолу жеңилген жок. 14-августта «Барс» өз талаасында «Нефтчи» клубуна минималдуу эсеп менен утулгандан кийин Эшенов командадан кетти[13]. Башкы машыктыруучунун милдетин убактылуу Игорь Суров аткарды[14]. Анын жетекчилиги алдында клуб чемпионаттын лидерлерин — «Дордойду» (5:1) жана «Мурас Юнайтедди» (2:0) утуп алды. Акырында команданы спорттук директор Канимет Аралбаев жетектеп калды.

«Нефтчиден» жеңилгенден кийин «Барс» чемпионаттын аягына чейин тогуз оюндан турган жеңиш сериясын көрсөтүп, топтордун айырмасын 27:7 кылды. Атаандаш командалардын жаңылыштыктарынын аркасында Кыргызстандын чемпиондук наамы акыркы турда ойнотулду, ага чейин «Барс» мелдештик жадыбалда биринчи орунда бир упай айырма менен келе жаткан. 8-ноябрда «Барс» өз үйүндө «Талантты» 2:1 эсеби менен жеңип, дебюттук сезонунда Кыргызстандын чемпиону болду[15][16]. Клуб 70 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болуп, 2026-жылдагы Кыргызстандын Суперкубогунда ойноо укугун алды[17]. Ошондой эле клуб Азиядагы күчү боюнча үчүнчү клубдук мелдеш — АФК Чакырык лигасынын 2026/27 сезонуна жолдомо алды.

14-январда «Барстын» башкы машыктыруучусу болуп испан Франсеск Бонет дайындалды[18].

«Барс» өз үй оюндарын 2025-жылы реконструкцияланган Каракол шаарындагы борбордук стадион — «Ынтымак Аренада» өткөрөт[1][19]. Жаңыланган стадиондо клуб алгачкы оюнун 23-майда өткөрүп, анда «ОшМУ-Алдиер» командасын 2:1 эсеби менен жеңген[20][21]. Стадиондун ачылыш аземинде мамлекет башчысы Садыр Жапаров катышкан[22].

Кыргызстан Жогорку Лигасы

  • Чемпион: 2025

Кыргызстан чемпионатында

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
МезгилМелдешОрунОюнЖңшТеңЖнлТопторУМыкты бомбардир
2025Жогорку Лига126194351-2156Кыргызстан Мирлан Мурзаев (12 топ)
2026

Кыргызстан Кубогунда

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мезгил Баскыч Атаандаш Жыйынтык
2025 1/8 финал Талант 1:2 (конокто)
2026

Башкы машыктыруучулар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Орусия Александр Крестинин (2024 — 2025)
  • Кыргызстан Мирлан Эшенов (2025)
  • Кыргызстан Канимет Аралбаев (2025, спорттук директор)
  • Испания Франсеск Бонет (2026 — а.у.)
  1. 1 2 Александр Крестинин: «В Кыргызстане появятся четыре новых футбольных клуба» (орусча). Фергана (10-12-2024).
  2. В чемпионате Кыргызстана по футболу в 2025 году сыграют 14 команд вместо 10 (орусча). 24.kg (20 -декабрь (бештин айы) 2024).
  3. Футбольный эксперт рассказал о спонсорах клубов-новичков в чемпионате Кыргызстана. Фергана (20 -январь (үчтүн айы) 2025).
  4. Презентация команды на сезон 2025. Instagram клуба (28 -февраль (бирдин айы) 2025).
  5. Александр Крестинин будет тренировать «Барс» из Каракола. Sport.kg (12 -декабрь (бештин айы) 2024).
  6. Валерий Кичин будет играть в футбольном клубе «Барс» (Каракол). 24.kg (20 -январь (үчтүн айы) 2025).
  7. Валерий Кичин вернулся играть в Кыргызстан спустя 13 лет. Sport.kg (14 -январь (үчтүн айы) 2025).
  8. Заявка на сезон 2025. Instagram клуба (04-03-2025).
  9. Талант - Барс 3:0. Sport.kg (05-03-2025).
  10. КПЛ-2025: "Абдыш-Ата" проиграл, а "Барс" одержал первую победу в сезоне. Вечерний Бишкек (30 -март (жалган куран) 2025).
  11. Александр Крестинин ушел с поста главного тренера футбольного клуба «Барс». 24.kg (20 -июнь (кулжа) 2025).
  12. Мирлан Эшенов стал главным тренером ФК «Барс» вместо Александра Крестинина. 24.kg (04-07-2025).
  13. «Барс» Футбол клубу Мирлан Байышбекович менен эмгек келишимин токтотконун расмий түрдө жарыялайт.. Telegram клуба (26 -август (баш оона) 2025).
  14. Игорь Александрович Суров назначен исполняющем обязанности главного тренера.. клубдун расмий телеграмы (26 -август (баш оона) 2025).
  15. «БАРС» ФУТБОЛ КЛУБУ - 2025-ЖЫЛКЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЧЕМПИОНУ. КФБнин расмий фейсбугу (8 -ноябрь (жетинин айы) 2025).
  16. Биз тарыхты жараттык✍🏻 (кырг.). клубдун расмий телеграмы (08-11-2025).
  17. Кыргыз футбол биримдиги вручил 150 000 долларов призовым командам-призёрам Премьер-лиги 2025 года (орусча). Кыргыз футбол биримдиги (8 -ноябрь (жетинин айы) 2025).
  18. Кош келиңиз, Fran🫱🏻‍🫲🏻. клубдун расмий телеграмы (14-01-2026).
  19. На реконструкцию городского стадиона в Караколе потратят 342 млн сомов. Kaktus Media (01-07-2024).
  20. 23-май күнү Каракол шаардык стадионунун салтанаттуу ачылыш аземи өтөт (кырг.). Кыргыз футбол биримдиги в Telegram (13 -май (бугу) 2025).
  21. Барс - ОшМУ 2:1. Sport.kg (23 -май (бугу) 2025).
  22. В городе Каракол торжественно открылся стадион «Ынтымак Арена». Кыргыз футбол биримдиги (23 -май (бугу) 2025).