Бархан
Көрүнүш
Бархан — рельефтин кумдуу чөлдөрдөгү формасы; шамал кумду учуруп чогултушунан пайда болот жыңалач эшилме кум дөбө. Жарым ай же орок сымал түзүлүштө болуп, айдарым капталдары айдөөш (5-14°) жана узун, шамалга ыктоо (ийилген) жагы тик (30°ка чейин) жана кыска келип, учтуу «мүйүзгө» окшоп кетет. Бийикт. 150 м ге чейин. Оошуу ылдамдыгы жылына 100 м дей. Жылаңач кумдуу чөлдөр да жалпысынан бархандар деп аталат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4