Мазмунга өтүү

Бар-Кохба

Википедия — ачык энциклопедия

Бар-Кохба (байыркы еврейче - жылдыздын уулу) - 132-135-ш. римдиктерге каршы Иудеяда чыккан көтөрүлүштүн согуш жетекчиси Симондун ылакап ысмы.

Көтөрүлүшчүлөр 50 чепти басып алышканы менен, римдик кол башчы Юлий Северден жеңилип калышкан. Бар-Кохба курчоого алынган Бетара шаарын коргоодо курман болгон.

1952-ж. Мураббаат үңкү-рүнөн Бар-Кохбанын ошол кезде жазган каты табылды. Иешуа бен-Галголдун аскер башчысына арналган ал катта Бар-Кохба: "христиандарга тийбегиле", - деп буйрук берген экен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.