Басма сөз агентчилиги

Википедия дан

Басма сөз агентчилиги - гезит-журналдарды, телекөрсөтүүнү, радиоберүүнү, китеп басмаларын, өкмөттүк мекеме, саясий партияларды, коомдук уюмдарды жана жеке керектөөчүлөрдү маалыматтар менен камсыз кылып туруучу уюм. Басмасөз агентчилиги мезгилдүү басмасөздүн өнүгүшүнө байланыштуу 17-кылымда пайда болгон. 19-кылымдын 1-жарымында басмасөз агентчилигинин бир бөлүгү «Телеграф агентчилиги» деген наам алган. 1935-ж. Ш. Гавас Францияда гезиттерди маалымат менен камсыз кылуучу атайын бюро уюштуруп, ал «Гавас агентчилиги» деген ат менен жүз жыл бою иштеп турган. Анын кызматкерлери басмасөз Вольф Берлинде «Вольфтун телеграф бюросун» (1849), П. Рейтер Лондондо бүгүнкү күнгө чейин иштеп келаткан «Рейтер» агентчилигин (1851) негиздеген. Россияда алгачкы Орус телеграф агентчилиги (РТА) 1866-ж. түзүлгөн. 1918-ж. Россия телеграф агентчилиги (РОСТА) уюштурулуп, кийин 1925-ж. Советтер Союзунун телеграф агентчилигине (ТАСС) айланган. Мындай уюмдар мурдагы бардык союздук республикаларда иштеп турган. Кыргызстанда ал КырТАГ (1937), «Кыргызкабар» (1992) деп аталган. Учурда «Кабар» (1995), «АКИПресс», «Интерньюс» ж. б. маалымат агентчиликтери иштеп жатат. Алар басмасөз органдарын маалымат жана алдын ала даярдалган макала, очерк, баяндама, репортаж, фотоматериалдар менен камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4