Басма сөз эркиндиги

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Басма сөз эркиндиги. Кыргыз Республикасынын Конституциясында (36-берене) гарантияланган саясий эркиндиктердин бири. Ал мамлекеттик, коомдук уюмдардын жана чыгармачыл союздардын жеке адамдардын өз басма мекемелерин жана органдарын түзүүгө, ар кандай басмаларды чыгарууга, таркатууга, элдин таламдарына ылайык келген коомдук түзүлүштү өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн чыгармаларды жарыялоого укуктуулукту билдирет. Басма сөз эркиндиги – граждандардын өлкөнү башкарууга, чарбалык жана мамлекеттик аппараттын бардык звенолорунун ишинин так, натыйжалуу болушун камсыз кылууга катышуусунун маанилүү формасы катары чыгат. Өнүккөн демократтык саясий режимдеги өлкөлөрдө массалык маалымат каражаттарын мамлекеттик бийликтин төртүнчү бутагы деп аташат. Чынында эле башкаруучу элитанын бийлигин көзөмөлдөө, коомдун алдында маалымдоо багытында Басма сөз эркиндиги чоң мааниге ээ. «Республика», «Асаба», «Каттама», «Үркөр» ж. б. ондогон эркин газета, тиркеме, журналдар бар. Алардын ишмердиги мыйзамга негизделген укуктук-эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. 1994-ж. «Свободные горы» газетасы жабылгандан кийин, басма сөз менен иштөө боюнча Президенттик аппараттын алдында атайын бөлүм – Коомдук палата уюштурулган (белгилүү жазуучу К. Акматов жетектейт).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9