Басырылуу

Википедия дан

Басырылуу, тапталуу - 1) металл иштетүүдө сомдомонун бийиктигин кичирейтип, бир эле учурда анын туурасын чоңойтуу үчүн басым астында пресс жана барскан менен иштетүү процесси; 2) шахта мешинде металлургия мешинде эрүү бир калыпта эмес өткөндө (негизинен домна мешинде) шихта текзаттын (материалдын) жар сымал төмөн кулашы; 3) топурактын басырлуусу оордук күчү чоңойгон сайын негиз бетинин (жерпайынын) тик багытта жылышуусу (кыймылга келүүсү). Адатта басырылуу убакыт боюнча бир калыпта болбойт. Пайдалануу шартына, курулуучу курулманын конструкциялык өзгөчөлүгүнө карата басырылуу мүмкүн болгон чектик маанисинен ашпашы керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4