Батеми шаары

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Батеми (2014).

Батеми шаары - Грузин Республикасындагы шаар (1878-жылдан). Ажар Республиканын администрация борбору. Кара деңиздин түштүк-чыгыш жээгинде жайгашкан ири порт. Калкы 118,3 миң (2005). Темиржол жана автомобиль жолдор тоому. Нефть ажыратуу, машина куруу (кеме, нефть жана чай өнөр жайы үчүн жабдуу, электр-техникалык буюмдар), тамак-аш (чай фабрикасы, цитрус комбинаты ж. б.) өнөр жайы, чайдын калдыгынан кофеин алуучу завод, тамеки фабоикасы, университет, 2 театр, 2 музей бар. Аквариум дельфинарий иштейт. Деңиз боюндагы климаттык (Махинжаури, Жашыл Тумшук, Цихисдзири жана Кобулети) курорт. 11-кылымдан чеп катары белгилүү. Шаарга жакын Батуми ботаникалык багы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4