Батисфира

Википедия дан

Батисфира - (гр. bathes терең жана sphfira шар) океанографиялык ж. б. суу астында изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн кемеден зым аркан менен суунун тереңдигине түшүрүлүүчү шар формасындагы (болоттон жасалган) аппарат. Ал суу астында иштөөчү аппараттардан кийин пайда болгон. Батисфираны биринчи жолу 1892-ж. италиялык илимпоз Бальзамелло 165 м тереңдикке түшүргөн. Батисфиранын экипажы (1-2 адам), илимий-изилдөө аппараты, абаны кайра иштеп чыгаруучу системасы, телефону бар, металлдан жасалган, сфера түрүндөгү кеме. Алгачкы батисфираны өтө тереңдикте изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн америкалык зоолог Биб долбоорлогон. Анын диаметри 1,45 м, салмагы 2450 кг жана бекемделген терезелери органикалык айнектен болгон. 1934-ж. долбоордун автору Биб жана Отис Бартон ошол батисфиранын ичинде 923 м тереңдикке түшүп рекорд коюшкан. 1948-ж. 1360 м тереңдик изилденген. Батисфиранын капталга жылышы суу үстүндөгү кемеге байланган зым аркан менен ишке ашырылат. 1950-ж. анын өркүндөтүлгөн түрү гидростаттар өздөштүрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4