Баткен
| Шаар
Баткен
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Баткен — Кыргызстандагы шаар. Баткен облусунун жана Баткен районунун административдик борбору.
Калкы — 27 730 киши (2021-жылдын башына).
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Баткен айылы 1934-жылы апрелде Баткен районунун район борбору катары негизделген. 1999-жылы Ош облусунун үч батыш районундагы согушчандардын бир катар чабуулдарынан кийин бул жерлерди башкарууну жакшыртуу максатында Баткен облусу түзүлүп, анын административдик борбору Баткен шаары болгон.
Ушул окуялардан кийин 2000-жылы Баткен айылына шаар макамы берилип, анын биринчи мэри болуп Мамасыдык Султанов дайындалган. Айылдын калкы 2000-жылы 10987 болгон. 2001-жылы шаарга үч шаар четиндеги айыл кошулган.
2022-жылдын сентябрь айында шаардын айланасында чек ара чатактар болгон.
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын түштүк-батышында, Ош шаарынан болжол менен 240 км алыстыкта жайгашкан.
Шаардын жалпы аянты 5180 га. Шаардын жеке аймагы (үлүш участкаларын кошпогондо) 1143 га. Айыл-чарбасы үчүн 4037 га, анын ичинде 1 106 га — дыйкан-чарба үлүштөрү, алардын 918 га—сугат; 393 га—ФПС жерлери, анын ичинде 316 га — сугат; 27 га— айдоо ; 111 га—шаардыктардын үлүш участкалары жана 2400 га жайлоо.
Шаардын администрациясына караштуу жерлер 205 км² түзөт. Анын ичинен 51,8 км² шаар аймагы, калган 153 км² үч шаар четиндеги айыл аймактары(алардын ичинен эң чоңу 6378 киши калкы бар Кызыл-Жол айылы), баары биригип 11 925 киши [1]. Шаар администрациясына караштуу жерлерде 19 765 адам жашайт.
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Административдик-аймактык түзүлүшү боюнча шаар 6 кварталга бөлүнгөн — Аэропорт, Базар-Башы, Булак-Башы, Келечек, Кызыл-Дөң жана Кызыл-Жол.
