Баткен району

Википедия дан
Баткен району

Баткен району картада

Өлкө:

Кыргызстан

Абалы:

Район

Киргени:

Баткен облусу

Курамында:

9 айыл өкмөтү,
45 айыл

Акимий борбору:

Баткен

Түзүлгөн убакыты:

1933-жыл

Акими:

Акылбек Орозов

Ырасмый тили:

Кыргыз тили

Калкы (2021):

91 983

Улуттук курамы:

кыргыздар — 99,8%
башкалар — 0,2%[1]

Жер аянты:

6,2 миң км²

Саат алкагы:

UTC+6

Унаа коду:

A

Ырасмый сайты

Баткен аймагыБаткен дубанындагы аймак. Аймак 1933 ж. уюшулган. Дубандын борбор бөлүгүндө жайгашып, түндүгүнөн жана түштүгүнөн Тажикстан, батышынан Лейлек, чыгышынан Кадамжай аймактары, түштүк-чыгышынан Ош дубанынын Чоң Алай аймагы менен чектешет. Аймактын чыгышында Сох (Өзбекстан), борбор бөлүгүндө Ворух (Тажикстан) анклавтары бар. Аянты 6,2 миң км² (Баткен дубанынын аянтынын 36,2% түзөт). Калкы 91,983 (2021). Аймак 9 айыл өкмөтүнө бөлүнгөн. Борбору — Баткен шаары.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өрүк гүлү

Райондун аймагы Баткен өрөөнүн, түндүктөн түштүктү карай созулган чакан өрөөндөрдү, Сох, Исфара капчыгайларын, Алай, Түркстан кырка тоолорунун түндүк капталдарын ээлейт. Кен байлыктарынан көмүр, нефелиндүү-сиенит, акиташ теги, курулуш материалдары казылып алынат; ошондой эле мунай, газ, сурьма, сымап кендери бар. Климаты континенттик. Кышы мелүүн суук; январдын орточо температурасы –4,1°Сден (өрөөндөрдө)–15С°ге чейин (тоолордо) ; жайы ысык, кургакчыл (июлдуку 10°Сден 29,2°Сге чейин). Жаан-чачындын жылдык орт. Өлчөмү өрөөндөрдө 100-200 мм, тоолордо 300-450 мм. Табигый шарты тамеки менен бак-ча өсүмдүктөрүн өстүрүүгө ыңгайлуу. Райондун аймагында сугат үчүн Төрткүл суу сактагычы курулган. Ири суулары: Сох, Исфара ж. б. Тоо этектериндеги өрөөндөр ачык боз, тоо капталдары күңүрт боз, боз-токой ж-а тоо шалбаа топурактуу. Тоо этегиндеги өрөөндөрдүн айдалбаган жерлеринде чөлдүү талаа өсүмдүктөрү (шыбак, тоо тикен ж. б.) , суу бойлорунда тал, терек, бадалдар, тоолордун түн. капталдарында шыбак, эфемер-баялыштуу жарым чөл, айрым жерлеринде (1500-2700 м бийиктикте) бетегелүү ж-а бетеге-аккылкандуу талаа өсүмдүктөрү өсөт. 2500 м бийиктиктен жогору арча, бадамдан турган токой кездешет, 3000 мден жогору субальп жана альп ландшафт алкактары мүнөздүү; алар жайытка пайдаланылат.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо облустун калкынын 16,2%и же 64,6 миң киши жашайт. Төрөлүүнүн деңгээли (2001) 31,7‰, өлүм-житим - 5,7‰, табигый өсүш – 26,0‰. Калкынын 99,2% кыргыздар. Эмгек жашына чейинкилер 46,4%ти, эмгек жашындагылар 46,7%, эмгек жашынан өткөндөр 6,9%ти түзөт. Калкынын 27,1% деңиз деңг. 1000 мге чейин, 58,9% –1000–1500 м, 14,0% –1500–2000 м бийиктикте жайгашкан. Орто эсеп менен 1 км2 ге 10,4 киши туура келет. Райондо 1 шаар ж-а 47 кыштак бар. Кыштактар жөнүндөгү маалыматтар төмөнкү таблицада берилди.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баткен районунун экономикасынын негизин айыл-чарбасы түзөт. Айыл чарбанын негизги тармагы жүзүмчүлүк ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фондусу 615,2 миң га (2000), а. и. айыл чарбага жарактуу жери 217,6 миң га (жеринин 35,4%). Айдоо аянты 14,6 миң га (анын 9,6 миң гасы сугат жер), бак-дарак өсүмдүктөр 3,9 миң га, жайыт 196,9 миң га. Дан эгиндери (6,3 миң га, а. и. буудай -5,2 миң га), күрүч (0,3 миң га), тамеки (0,5 миң га), май берүүчү өсүмдүктөр (1,1 миң га), жашылча (0,2 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык (3,8 миң га ) жана жүзүмчүлүк (0,6 миң га) өнүккөн (1999). 2000-ж. райондо 21,9 миң бодо мал (а. и. саан уй 12,0 миң), кой ж-а эчки 120,4 миң (облустагы кой ж-а эчкинин 28,1%), жылкы 2,1 миң, үй канаттуулары 55,3 миң болгон. Район облуста өндүрүлгөн дандын 20,5%ин, жашылчанын 9,3%ин, жүзүмдүн 30,8%ин, эттин 25,5%ин, сүттүн 20,7%ин, жүндүн 18,6%ин берет. Облуста өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын 26,5% Баткен районунда даярдалат (2002).

Транспорту[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондун чегиндеги автомобиль жолунун жалпы узундугу 370 км; а. и. 101 кми эл аралык, 69 кми мамлекеттик., 200 кми жергиликтүү мааниде. Анын аймагынан Баткен - Бишкек (уз. 800 км), Баткен - Ош (230 км) автомобиль жолдору өтөт. 2002-ж. автомобиль транспорту менен 134,3 миң т жүк, 24,5 млн км жүргүнчү ташылган.

Билим берүү тармагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Райондо 2002/03-окуу жылында жалпы билим берүүчү 50 мектеп (окуучулардын саны 23,1 миң) ж-а мектепке чейинки 2 мекеме болгон. Улуттук госпиталь, 2 аймактык оорукана, учук диспансери, 23 фельдшер-акушердик пункт, 10 үй-бүлөлүк-дарыгерлер тобу ж. б. медициналык мекемелер иштейт (2001).

Административдик бөлүнүүсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

9 айыл аймагы бар[2]:

Маалымат булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]