Батманов Игорь Алексеевич
| Батманов Игорь Алексеевич | |
| Туулган жылы: | |
|---|---|
| Туулган жери: |
Луцк, Волын губерниясы, Орус империясы |
| Каза болгон жылы: | |
| Каза болгон жери: |
Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР |
| Илимий чөйрөсү: |
Кыргыз тили, түркология жана салыштырмалуу лингвистика |
| Илимий даражасы: |
Филология илимдеринин доктору |
| Альма-матер: |
Киев улуттук университети |
| Сыйлыктары |
|
Батманов Игорь Алексеевич — Игорь Алексеевич Батманов (28.10.1906 же 1906, Луцк, Волынск губерниясы — 8. 1. 1969 же 1969, Фрунзе) — советтик кыргыз окумуштуу-лингвисти, түрколог, филология илимдеринин доктору (1950), профессор (1953). Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги (1954).
Өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Киев мамлекеттик университетин бүтүргөн (1930).
Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда сабак берип, СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын Тил жана адабият институтунун директорунун орун басары болуп иштеген.
1954-жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын анык мүчөсү болуп шайланган (биринчи мөөнөт). Кыргыз ССР илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун директору, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунда бөлүм башчы, жалпы түркология секторунун башчысы болуп иштеген.
Кыргыз ССР илимдер академиясынын жалпы туркология жана дунган таануу белумунун башчысы.
Илимий мурасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал Ажыйман Шабдан уулу менен бирге кыргыз грамматикасына арналган китеп (Qьrgьz Tilinin elementardьq gramatikesi) жазган.
Батманов эпиграфикалык эстеликтерди изилдөө, алар жөнүндөдө «Кыргызстандын эпиграфикасы» деген серия-китептерди чыгаруу идеясын да көтөргөн. Бүгүн Кыргызстанда эпиграфика илимине негиз салынып, жогорку деңгээлге көтөрүлдү.
Батманов Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4