Батрактар

Википедия дан

Батрактар – бай-манаптарга жалданып, кара күчүн сатып жан багышкан, кыргыз коомундагы социалдык бөлүктөрдүн биринин аталышы. Люмпен-пролетариаттардан айырмаланып Батрактардын үй-бүлөсү, анча көп болбосо да, мал-мүлкү, жери болгон. Октябрь революциясы жеңип, бийликке кедей-кембагалдар келгенде, байлардын байлыгын кайрадан бөлүштүргөндө, өзгөчө 1921–29-ж. жер-суу реформасынын жүрүшүнөн кийин, Батрактар мал-мүлккө, жерге ээ болушкан жана коллективдештирүү мезгилинде колхоздорго, айыл чарба артелдерине, коммуналарга биринчилерден болуп киришкен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9