Батырбаева, Шайыркүл Жолдошевна

Википедия дан
Батырбаева, Шайыркүл Жолдошевна
Жалпы маалымат
Толук аты-жөнү: Батырбаева Шайыркүл Жолдошевна
Туулган жылы:
Туулган жери: Ысык-Көл, Тоң району, Оттук
Жарандыгы: Кыргызстан желеги
Ишмердүүлүгү: Тарых илимдеринин кондидаты

Шайыркүл Жолдошевна Батырбаева - Кыргызстан Кыргызстандагы тарыхчы айымдардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шайыркүл Жолдошевна Батырбаева (кыз кезиндеги тегаты - Урманбетова) Кыргызстандын Ысык-Көл облусу Ысык-Көл облусунда туулган.

1977-жылы Тоң районундагы Оттук орто мектебин бүтүргөн.

1968-жылы "Жамийла" кинотасмасында эпизоддук ролду (Жамиланын кайын сиңдиси)аткарган.

1977-1980-жылдары Кыргыз мамлекеттиу университетинин тарых факультетинин 1-3-курсунда окуп, 1980-жылы М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде окуусун уланткан.

1983-жылы аталган окуу жайдын тарых факультетин артыкчылык диплому менен аяктап, аспирантурада окуусун уланткан.

1987-жылы кандидаттык диссертациясын тарых илиминин кандидаты Ю.А.Мошковдун жетекчилиги астында ийгиликтүү жактаган. Кыргыз профессионал тарыхчыларынын ичинен биринчи болуп, тарых илиминде математикалык методду жана электрондук эсептөө машинасын илимий изилдөө иштеринде колдонгон.

1986-жылдан тартып, бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз улуттук университетинде эмгектенет.

1999-2000-жж Тарых жана чөлкөм таануу факультетинин деканы болгон.

2001-2003-жылы докторантурада изилдөө иштерин жүргүзгөн.

2004-жылы "Кыргызстандын 20-кк 20-50-жж демографиялык өнүгүүсү:булактар жана изилдөө ыкмалары" деген темада докторлук диссертациясын жактаган.

Бүгүнкү күндө 100 жакын илимий макалалардын, окуу методикалык колдонмолордун жана 2 илимий монографиянын автору. Анын ичинен кыргыз тарыхчыларынын арасынан биринчилерден болуп, 2005-жылы "Вестник МГУ" журналына Улуу жеңиштин 60 жылдыгына арналган макаласы жарыяланган.

2010-жылы "Эпоха сталинизма в Кыргызстане в человеческом измерении" деп аталган илимий монографиясы РОССПЭНден "Сталинизм доорунун тарыхы" сериясынын 100 мыкты эмгектин бири катары жарык көргөн.

Батырбаева Ш.Д. Кыргызстанда тарых илиминде "тарыхый информатика" багытынын негиздөөчүсү.

2007-жылдан тартып, тарых боюнча атайын адистештирилген диссертациялык кеңештин окумуштуу катчысы.

Учурда КУУнун тарых жана чөлкөм таануу факультетинде Булактаануу, тарыхнаама жана тарыхый информатика кафедрасынын башчысы жана Б.Ельцин атындагы КРСУда тарыхый информатика лабораториясынын жетекчиси болуп иштейт.

Профессор Батырбаева Ш.Д. Алжирде, АКШда, Германияда, Францияда жана КМШ өлкөлөрүндө өткөн (Москва, Санкт-Петербург, Ашхабад, Астана,Алмата) эл аралык илимий конференциялардын катышуучусу.

Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал эл аралык "Тарых жана компьютер" ассоциациясынын кенешинин мүчөсү, мезгилдүү илимий басылманын(Круг идей. Москва шаары)редакциялык кеңешинин мүчөсү, Казак коомдук тарых академиясынын ардактуу академиги.

2011-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" Башкармалыгына мүчө болуп шайланган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү, жолдошу Батырбаев Бактыбек Сулайманович Юстициянын генерал-майору, юридика илимдеринин кандидаты.

Москвада МГУда окуп жүрүп таанышып,1984-жылы үйлөнүшкөн. 1 уул, 3 кыздын энеси, эки неберелүү.

Кыздары Кымбат Адилет министрлигинде, Бурулча Кыргыз Түрк Манас университетинде иштешет,

Асел КУУнун кыргыз кытай институтунда, уулу Эламан Кыргыз Түрк лицейинде окушат.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Батырбаева Ш.Д. Эпоха сталинизма в Кыргызстане в человеческом измерении. - М.: Российская политическая энциклопедия; Фонд "Президентский центр Б.Н.Ельцина", 2010. - 215 с. - ISBN 978-5-8243-1438-0.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Круг идей: модели и технологии исторических реконструкции М; 2010.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]