Бекмурза Батыркулов

Википедия дан
Батыркулов Бекмурза‎»‎ барагынан багытталды)

Батыркулов Бекмурза - (6. 4. 1930-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кара жыгач айылы) педагог, КРдин эл мугалими (2003). Жалал-абаддагы мугалимдерди даярдоо курсун, КМУнун кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. 1965-жылдан Токтогул районунун мектептеринде иштеген. Батыркулов көп жылдык педагогдук эмгегинде эксперименттерди үзгүлтүксүз жүргүзүүгө, окуучулардын практикалык машыгууларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурган. Сабактын салттуу формасын чыглык менен өркүндөтүп, анын стандарттуу эмес формаларын практикага киргизген. «Сабак сахна», «Сабак жомок» деп аталган сабактарда драмалык жана эпостук чыгармаларды пайдалануу менен окутуунун ыңгайлуу жолдорун жүзөгө ашырууда өзүнүн илимий-методикалык жаңыча жолун тапкан. Учурда бул ыкма улуттук педагогиканын теоретика жактан толукталышында, окутуунун методдорунун өркүндөөсүндө жалпынын үлүшүнө айланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4