Батыш Австралия агымы

Википедия дан

Батыш Австралия агымы - Инди океанындагы муздак агым, Австралиянын батыш жээгин бойлой агат. Батыш Шамалдар агымынын түндүк тармагы. Түштүктөн түндүктү карай агат. Суунун температурасы кышында 15-19°С ден, жайында 21-26°С ге чейин. Ылдамдыгы жайында 25-50 см/сек, кышында басаңдайт. Түштүк жарымшардын тропик зонасында Түштүк Пассат агымына өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4