Батыш Сахара

Батыш Сахара (ар. الصحراء الغربية As-Ṣaḥrā' al-Ġarbīyya, бербер. ⵜⴰⵏⴻⵥⵔⵧⴼⵜ ⵜⵓⵜⵔⵉⵎⵜ Taneẓroft Tutrimt, исп. Sáhara Occidental; мурунку аталышы — Испания Сахарасы, тарыхый аталышы — Вади-Захаб (Рио-де-Оро) («Алтын-Дарыя») жана Сегиет-эль-Хамра («Кызыл суу»)) — Түндүк Африкагы талаштуу аймак[1].
Түндүгүнөн Марокко, түндүк-чыгышынан Алжир, чыгышынан жана түштүгүнөн Мавритания менен чектешет, батышынан Атлантика океанынын суулары менен чулганат. Аянты 266 миң км². Ири шаары Эль-Аюн.
Бул регион 1958-жылдан 1976-жылга чейин Испаниянын «африкалык провинциялары» деп аталган Рио-де-Оро жана Сегиет-эль-Хамра аттуу аймактары болгон. 1976-жылы бул аймак Мавритания менен Марокконун ортосунда бөлүштүрүлгөн[2].
1979-жылы Батыш Сахаранын негизги бөлүгү Марокко тарабынан оккупацияланган. Бирок аймактын болжол менен 20% түзгөн бөлүгү — Марокконун чек ара дубалынын чыгышында жайгашкан Эркин аймак оккупацияланган эмес. Марокко, аймактын калкынын басымдуу бөлүгү жашаган дубалдын батышындагы аймактарды толугу менен көзөмөлдөп келет[3].