Батыш Уюн-Төр мөңгүсү

Википедия дан

Батыш Уюн-Төр мөңгүсү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Ысык-Көлдүн куймасы Каракол суусунун алабында жайгашкан. Узундугу 4,9 км, аянты 5,6 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 5280 м, этеги 3430 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3720 м. Абляция облусунун аянты 2,8 км2. Мөңгү татаал куралуу облусуна ээ, ал эми анын «тили» ортоңку морена аркылуу тең экиге бөлүнгөн. Мөңгүнүн ортоңку бөлүгүнүн бети туура кеткен жаракалар менен тилмеленген. Чыгыш Уюнтөр мөңгүсү жаткан өрөөнгө чейин жетип, зор морена жалчасына такалат жана узун шынаа сымал негизги өрөөндү көздөй бурулат. Сол капталында асылма майда мөңгүлөр жайгашып, этектери туурасынан кеткен жаракаларга бөлүнгөн. Мөңгүдөн Каракол суусунун сол курамы Уюнтөр суусу башталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4