Батыш көлтөр мөңгүсү

Википедия дан

Батыш көлтөр мөңгүсүТескей Алатоонун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Уз. 4,6 км, аянты 6,8 км2.

Ысык-Көлдүн куймасы Каракол суусунун оң курамы Көлтөрдүн башында жайгашкан. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4750 м, этеги 3400 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3710 м. Абляция облусунун аянты 2,5 км2. Мөңгүнүн бетинде эки ортоңку морена жатат, аларды бойлото мөңгү үчкө бөлүнгөн. Мөңгүнүн «тили» тартылууда. 1943-ж-а 1956-ж. аэрофотосъемка маалыматтары б-ча мөңгүнүн этеги 190–210 мге, 1955–57 -ж-а 1959-ж. Фототеодалиттик съемка б-ча 60 мге чегинген. Мөңгүдөн башталган суу Караколдун оң курамы Көлтөргө куят.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2