Баук тоосу

Википедия дан

Баук тоосуМолдотоонун түштүк тармагы. Куртка, Көлсуу, Бооралбас, Шорго, Аккөлсуу (Нарындын оң куймалары) сууларынын алабында кеңдик багытта ийилип жатат. Узундугу 28 км, туурасы 8 км. Орточо бийиктиги 3000 м, эң бийик жери 3388 м.

Тоонун кыры түзөң, түндүк капталы кыска, Куртка суусунун өрөөнүнө тик түшөт, түштүгү жазы, терең тилмеленип, жарлуу. Батыш бөлүгү Куртка суусуна тик түшүп, терең капчыгайды пайда кылат. Тоонун чыгыш бөлүгү Ачаташ тоосуна уланып кетет. Капталдарына кургак талаа, субальп талаасы жана альп шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Жайыт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]