Бахрейн динары
| Бахрейн динары (кырг.) | |||||
|---|---|---|---|---|---|
|
Bahraini Dinar (аңгл.) | |||||
| |||||
| Коддор жана белгилер | |||||
| ISO 4217 коддору | BHD (048) | ||||
| Аббревиатуралар | BHD | ||||
| Жүгүртүү чегарасы | |||||
| Эмитент | |||||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
| Бөлчөктүү | филс (1⁄1 000) | ||||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
| Монеталар | 5, 10, 25, 50, 100 жана 500 филс | ||||
| Банкноттор | ½, 1, 5, 10 и 20 динаров | ||||
| Тарыхы | |||||
| Киргизүү этабы | 11.10.1965—июнь 1966 | ||||
| Мурда колдонулган валюта | Парс булуңунун рупиясы | ||||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
| Эмиссиялык борбор | Бахрейндин борбордук банкы | ||||
| www.cbb.gov.bh | |||||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||||
| 1 KGS | = 0,005866 BHD | ||||
| 1 USD | = 0,376 BHD | ||||
| 1 EUR | = 0,3974 BHD | ||||
| 1 GBP | = 0,5499 BHD | ||||
| 1 JPY | = 0,00312 BHD | ||||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
| 2023-жылдык инфляция | |||||
| Инфляция | -0,3%[1] | ||||
Бахрейн динары — Бахрейндин улуттук акча бирдиги.
Бир бахрейн динары 1000 филсге барабар. ISO 4217 стандартындагы валюта коду — BHD, ошондой эле BD белгиси дагы колдонулат. 1966-жылдан тартып 1973-жылга чейин бахрейн динары Абу-Даби эмирлигинин (БАЭ) улуттук валютасы катары дагы колдонулган.
½, 1, 5, 10, 20 номиналындагы банкноттор, ошондой эле 5, 10, 25, 50, 100 жана 500 филс номиналындагы монеталар жүгүртүүдө.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жүгүртүүдөгү индия рупиясы, британ соверени, Мария Терезанын талеры 1959-жылдын 28-апрелинде Парс булуңундагы өлкөлөр үчүн чыгарылган Парс булуңунун рупиясы менен алмаштырылган[2].
Парс булуңунун рупиясынын наркы индия рупиясына байланган. 1965-жылы индия рупиясынын наркы түшүп кеткенде, Парс булуңунун рупиясынын наркы дагы төмөндөгөн. Ушул окуялардан кийин Бахрейн Өкмөтү өз валютасын жүгүртүүгө чыгаруу чечимин кабыл алган[3].
Бахрейн динары 1965-жылы 11-октябрда Парс булуңунун рупиясын алмаштырган. Алгачкы алмаштыруу курсу боюнча 1 динар 10 рупияга барабар болгон. Кийинки жылдан баштап бахрейн динары 1973-жылы БАЭ дирхамы жүгүртүүгө чыгарылганга чейин Абу-Даби эмирлигинин расмий улуттук акча бирдиги болуп калган[4][5].
Бахрейн валютасын алгач Бахрейндин валюта кеңеши (1964-1973), кийин Бахрейндин валюта агенттиги (1973-жылдан) тарабынан чыгарылган, 2006-жылы агенттик Бахрейндин Борбордук банкы деп макамын жана аталышын алмаштырган.
Динардын курсу АКШ долларына 1 динар = 2,6596 доллар катнашында байланган[6][7].
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1965-жылы чыгарылган үлгүдөгү монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бахрейндеги 1, 5, 10, 25, 50 жана 100 филс номиналындагы биринчи монеталар 1965-жылы жүгүртүүгө киргизилген.
| Сүрөт | Номинал
(филс) |
Диаметр
(мм) |
Салмагы
(г) |
Материал | Алдыңкы бети
(аверс) |
Арткы бети
(реверс) |
Чыгарылган жылдары |
|---|---|---|---|---|---|---|---|
| 1 | 15,00 | 1,5 | коло | Финик пальмасы,
араб тилиндег текс «حكومة البحرين» («Бахрейндин Өкмөтү»), чыгарылган жылдары ислам жана григорян жылнаамаларында араб сандары менен жазылган |
Монетанын номиналы жана мамлекеттин англис тилиндеги аталышы | 1965, 1966 | |
| 5 | 18,50 | 2,00 | 1965 | ||||
| 10 | 23,50 | 4,75 | 1965 | ||||
| 25 | 16,50 | 1,75 | жез+никель | 1965 | |||
| 50 | 20,00 | 3,10 | 1965 | ||||
| 100 | 25,00 | 6,50 | 1965 |
Жүгүртүүдөгү монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учурда бахрейнде 5, 10, 25, 50, 100 жана 500 филс номиналындагы монеталар чыгарылат[8]. Бахрейн динары жүгүртүүгө киргизилген учурдан тартып, монеталарга чегилген өлкөнүн аталышынын жазылышы мамлекеттин расмий аталышынын өзгөрүшүнө жараша өзгөрүп турат.
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бахрейн динары алгач Бахрейндин валюта кеңеши (1964-1973), кийин Бахрейндин валюта агенттиги (1973-жылдан) тарабынан чыгарылган, 2006-жылдан тартып Бахрейндин Борбордук банкы тарабынан чыгарылып келет.
Жүгүртүүдө 1/2, 1, 5, 10 жана 20 динар номиналындагы банкноттор бар. Көпчүлүгү эстеликтердин, тарыхый имараттардын, оймо-чиймелердин сүрөттөрү менен кооздолгон[9].
Тарыхында банкноттордун төрт сериясы чыгарылган -1964, 1973, 1993-2001 жана 2006-жылдары.
Конституциясы өзгөргөндөн кийин, биринчи жолу падышанын сүрөтү түшүрүлгөн банкноттор жүгүртүүгө чыгарылган[10].
III сериядагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]IV сериядагы банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2006-жылы банкноттордун IV сериясы чыгарылган. Бардык банкноттор бирдей өлчөмдө.