Башкарма (дирекция)

Википедия дан

Башкарма (дирекция) – акционердик укук боюнча акционердик коомдун коллегиалдуу аткаруу органы. Коомдун уставынын, ошондой эле аны чакыруунун жана чечим кабыл алуунун мөөнөтү жана тартиби белгиленүүчү, директорлор кеңеши тарабынан бекитилген коомдун ички документинин (жобо, регламент же башка документинин) негизинде иш жүргүзөт. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин чечимдерин аткарат. Акционерлердин жалпы чогулушунун, директорлор кеңешинин өзгөчө компетенциясына кирбеген коомдун күндөлүк ишмердигин жетектөөнүн баардык маселелери Б-нын компетенциясына таандык. Б. ишеним катсыз эле коомдун атынан иш жүргүзөт, анын мүдөөлөрүн чагылдырат, анын атынан бүтүмдөрдү түзөт, штаттарды бекитет, коомдун баардык кызматкерлери үчүн милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет.

== Колдонулган адабияттар ==