Мазмунга өтүү

Башундхара Кингс (футбол клубу)

Википедия долбоорунан
Башундхара Кингс
Толук
аталышы
бенг. বসুন্ধরা কিংস
англ. Bashundhara Kings
Лакап аттары Королдор (The Kings)
Негизделген 2013
Стадиону Башундхара Кингс Арена
Ээси Bashundhara Group
Президенти Бангладеш Имрул Хасан
Машыктыруучусу Румыния Валериу Тицэ
Сайты www.bashundharakings.com
Мелдеш Бангладештин премьер-лигасы
2023/2024 1
Тариз
Негизги
формасы
Тариз
Коноктук
формасы

Башундхара Кингс (англ. Bashundhara Kings) — Дакка шаарынын Башундхара районунан чыкан Бангладеш футбол клубу[1][2].

Клуб өлкөнүн жогорку дивизиону болгон Бангладештин премьер-лигасында ойнойт. 2013-жылы негизделген, биринчи дебюту 2018/19 жылдар премьер-лигасында болгон[3]. Клуб «Bashundhara Group» компаниясына таандык.

«Башундхара Кингс» футболдук клубу өз ишмердүүлүгүн 2016-жылы DCC (N&S) Pioneer лигасына катышуу менен баштаган. Бул лигада 3-орунду ээлеген[4] жана Үчүнчү лигага катышуу укугуна ээ болгон, бирок бул лигага катышуудан баш тартпып, Бангладештин экинчи маанилүү Чемпионшип-лигасына катышуу чечимин кабыл алып, катышуу үчүн бардык шарттарды аткарган[5]. 2017-жылдын март айында Бангладеш футбол федерациясы алардын арызын жактырган.

2017-жылдын 7-августунда биринчи расмий беттешин «Уттар Баридхара» клубу менен өткөргөн. Клубдун тарыхындагы биринчи голду Рипон Бисвас киргизген[6]. 18-августта клуб капитан Роконуззаман Канчандын голу менен «НоФеЛ Спортинг» клубун 1:0 эсебинде утуп, алгачкы жеңишине жетишкен.

2017-жылдын 4-ноябрында Чемпионшип-лигасында «Башундхара Кингс» клубун 2:1 эсеби менен утуп алып Премьер-лигага катышууга жолдомо алган.

2017-жылдын 14-ноябрында клуб биринчи чемпиондук кубогун алган[3][7][8][9].

2018-жылдын 29-июлунда жаңы сезонго даярдык башталган. Клубка Таухидул Алам Сабуз, Нурул Наим Файсал жана Мохаммад Ибрагим футбол оюнчулары кошулган[10]. 2018-жылдын 5-сентябрында клубдун тарыхында биринчи жолу чет элдик Оскар Брюсонду (Испания) башкы машыктыруучу болуп дайындалган[11]. 2018-жылдын 16-сентябрда 2018-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугунун катышуучусу Коста-Рикалык чабуулчу Даниэль Колиндрес менен келишим түзүлгөн.

2018-жылдын 21-сентябрында Шейх Камал атындагы стадиондо Мальдив аралдарынын «Нью Рэдиант» клубу менен беттешип, 4:1 эсебинде утуп алган[12].

2018-жылдын октябрь айында клубдун курамында үч чет элдикти оюнчу кошкондо 32 оюнчуну катталган. Федерация Кубогунда «Дакка Мохаммедан» клубун 5:2 эсеби менен уткан[13]. Федерация Кубогунда финалга чейин жетип, бирок «Дакка Абахани» клубунан 1:3 эсебинде утулуп калган[14].

2018-жылдын 26-декабрында «Шейх Руссел» клубун 2:1 эсебинде утуп алып Эгемендүүлүк Кубогуна жетишкен[15].

Бул сезон премьер-лигадагы ийгиликтүү дебюту менен аяктап, команда катары менен 12 жеңишке жетишип, 63 упай топтоо менен чемпион болгон[16][17].

2019-жылдын ноябрында клуб жергиликтүү коргоочу Тарик Кази менен келишим түзгөн[18].

2020-жылдын февралында аргентиналык Эрнан Баркос командага кошулган[19].

2020жылдын 11-марттында Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн беттешүүнүн биринчи оюнунда «Траст энд Кейр» клубун 5:1 эсебинде утуп алган. COVID-19 пандемиясынын себебинен бул кубок аягына чыкпай калган[20][21][22].

Федерация кубогун утуп алган жана примьер-лиганын чемпиону деген наамды сактап кала алган[23]. Бул сезондун мыкты оюнчусу болуп 5 гол киргизген Рауль Бесерра аныкталган[24].

«Башундхара Кингс» клубу премьер-лиганы 3-жолу утуп алган.

«Башундхара Кингс» премьер-лигадагы үстөмдүгүн сактап калган. 26-жылдын 2023-майында «Башундхара Кингс» премьер-лиганы төрт жолу катары менен жеңген биринчи клуб болгон[25]. Сезондун эң мыкты оюнчусу болуп 18 гол киргизген Дореилтон Гомес аныкталган.

Клуб Азия футбол конфедерациясынын 2024/25 тайпалар арасындагы лигасына катышып, бирок өз тобунда акыркы орунду ээлеп оюнду аяктаган[26][27].

«Башундхара Кингс Арена»

2018-2021 «Башундхара Кингс» клубунун стадиону катары Нилпхамари шаарынын 20 000ден ашык көрүүчүгө эсептелген Нилпхамари эл аралык стадиону болгон. 2020-жылы стадион «Башундхара Кингс» клубунун түстөрүн колдонуу менен жаңыланган.

2019-жылы «Башундхара Кингс Арена» аренасы клубдун стадионуна айланары белгилүү болду, ал «Башундхара» спорт комплексинин түндүк аймагында жайгашкан. Бул футбол стандионго заманбап табигый FIFA станадарттарына жооп берген газон төшөлгөн, эл аралык деңгээлдеги кийим алмаштыруучу жайлар, 14 000 орундар, маалымат борбору, комментаторлор үчүн орундар, жарык берүү жана түз эфирге алып берүү жабдуулары менен жабдылган[28].

Учурдагы курамы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Жарандыгы Позиция Оюнчу
1 Бангладеш Вратарь Анисур Рахман Зико
2 Нигерия Коргоочу Исайах Эжех
4 Бангладеш Коргоочу Топу Барман
5 Бангладеш Коргоочу Тутул Хосейн Бадша
6 Бангладеш Жарым коргоочу Шохел Рана
7 Бангладеш Чабулчуу Ракиб Хосейн
8 Бразилия Жарым коргоочу Мигель Фигуейра
9 Франция Чабулчуу Жаред Хаса
10 Бразилия Чабулчуу Робсон Азеведо
11 Бангладеш Чабулчуу Фойсал Ахмед Фахим
12 Бангладеш Коргоочу Бишванат Гош
14 Бангладеш Жарым коргоочу Чандон Рой
17 Бангладеш Жарым коргоочу Сохел Рана
18 Бангладеш Коргоочу Мохаммед Жахид Хасан
19 Бангладеш Чабулчуу Мд Рабби Хоссен Рахул
22 Бангладеш Коргоочу Мд Саад Уддин
23 Бангладеш Чабулчуу Рафикул Ислам
24 Бангладеш Коргоочу Мд Шойбур Рахман Мижан
27 Бангладеш Вратарь Мд Шахин Молла
28 Бангладеш Коргоочу Мд Юсуф Али
29 Бангладеш Жарым коргоочу Мохсин Ахмед
30 Бангладеш Вратарь Мд Мехеди Хасан
33 Бангладеш Жарым коргоочу Шех Морсалин
37 Бангладеш Жарым коргоочу Можибур Рахман Жони
40 Бангладеш Коргоочу Тарик Кази
44 Бангладеш Жарым коргоочу Мд Саббир Хосейн
47 Бангладеш Жарым коргоочу Акмол Хосейн Ноён
50 Бангладеш Вратарь Мехеди Хасан Срабон
52 Бангладеш Коргоочу Мд Инсан Хосейн
66 Бангладеш Вратарь Мохаммад Асиф
69 Бангладеш Жарым коргоочу Мд Махмудул Хасан
71 Бангладеш Коргоочу Римон Хосейн
90 Бангладеш Коргоочу Мд Раж Молла
95 Бразилия Жарым коргоочу Фернандес
  1. Bangladesh - Bashundhara Kings - Results, fixtures, squad, statistics, photos, videos and news - Soccerway
  2. AFC Cup: Liston Colaco hat trick in ATK Mohun Bagan win, Gokulam Kerala lose
  3. 3.0 3.1 Bashundhara Kings win Championship League
  4. Arambagh clinch U-16 Pioneer League
  5. Bashundhara Kings, from Pioneer League to BCL champion
  6. Bashundhara Kings share points with Uttar Baridhara
  7. চ্যাম্পিয়ন হয়েই প্রিমিয়ারে বসুন্ধরা কিংস
  8. মার্সেল বাংলাদেশ চ্যাম্পিয়নশিপ লিগের পুরস্কার বিতরণ
  9. Bashundhara Kings crowned champions of BCL 2017
  10. Bashundhara Kings ropes in top booters
  11. Bashundhara Kings coach Oscar Bruzon in city
  12. Bashundhara Kings beat New Radiant in friendly
  13. Costa Rica’s WC star Colindres shines on debut in Bangladesh
  14. Abahani seal hattrick title
  15. Bashundhara Kings' coronation
  16. Kings earn first glory in Dhaka football
  17. Kings end memorable debut season with draw
  18. Kings, Russel seal new signings
  19. Barcos to play for Kings
  20. Kings, Barcos make royal debut
  21. Barcos overjoyed with Bashundhara Kings' winning debut
  22. Kings’ AFC Cup run ends in cancellation
  23. Invincible Kings clinch BPL title
  24. Kings retain Federation Cup title
  25. Consistency lifts Kings to new height
  26. AFC Challenge League - All fixtures & results
  27. AFC Challenge League. Group A: Paro FC sign off in style
  28. Bashundhara Group to build Sports Complex

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]