Баяков Фахридин

Википедия дан
Баяков Фахредин‎»‎ барагынан багытталды)
Фархидин Баяков
Ф.Баяков кыздары менен

Фархидин Баяков (11-февраль 1949-ж. т., Тажикстан, Жергетал району, Дубана айылы) — комузчу, артист.

  • Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1993).
  • 1971-ж. Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн.
  • Элдик жана Токтогул, Ныязаалы, Айдараалы, Атай, Ыбырай, Шекербек ж. б. күүлөрүн аткарат.
  • Кыргыз телерадиокорпорациясынын алтын фондуна ар кандай жанрдагы күүлөрдү жаздырган.
  • Бишкекте өткөн республикалык комузчулар телеконкурстарынын жеңүүчүсү.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун студенттеринин акапелла хорун уюштурган.

  • Таллинде (Эстония) өткөн эл аралык конкурста хор коллективи алтын, Болгариянын BapHa шаарында күмүш медалдарга татыктуу болгон.
  • Москвада, Ленинградда өткөн эл аралык симпозиумдардын катышуучусу.
  • Индияда, Непалда, Сирияда, Иорданияда гастролдо болгон.
  • Ош обл. Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда «Нуска» фольклордук топту жетектейт.
  • Кыргыз Республикасынын элге билим берүүсүнүн отличниги (1985), СССР маданиятынын отличниги (1986); Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы (1986) менен сыйланган.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз элине таанымал комузчу ОшМУнун профессору, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Фархидин Баяков 1949- жылы 11- февралда Тажик Республикасынын Жергетал районунун Дувана айылында туулган.
1967- жылы Ош областына караштуу Фрунзе (Кадамжай) районунун Жданов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1967- 1971- жылдары Фрунзедеги (Бишкек) Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун хорго дирижёрлоо бөлүмүн бүтүп, 1971- 1972-жылдары Ош областынын Фрунзе райондук маданият үйүнүн директору болуп иштеп, 1972- жылы Советтик армияга чакырылып кызмат өтөгөн. 1973- жылдан ушул күнгө чейин ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор, ал ишине удаалаш эле Ош областтык Р. Абдыкадыров атындагы филармонияда комузчу- аткаруучу болуп үзүрлүү иштеп келатат.
Ф.Баяков комузчулук өнөрдү аркалаган талыкпас, аракети жана эмгеги ага ири ийгиликтерди алып келди. Анын чыгармачылык ишмердигине, урунттуктуу учурларына токтолсок: республикалык, областтык ар кандай кароо – сынактарга, концерттерге такай катышып, 1982 –жылы комузчулардын республикалык кароо- сынагында биринчи орунду ээлеп, 1976-1979- жылдарда “Тогуз кайрык” телесынактарынын эки ирет жеңүүчүсү болгон. 1973- 1977- жылдары институттун элдик театрынын режиссёру болуп иштеп туруп, “Миң кыял” комузчулар ансамблин түзүп, ал жамаат “Элдик ансамбль” деген наамга татыктуу болгон. Бул ансамбль 1988- жылы Азербайжанда өткөрүлгөн эл чыгармачылыгынын Бүткул союздук фестивалына катышып, байгелүү орунга ээ болсо, ушул эле жылы белгиленген улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына арналган кароодо лауреат болууга арзыган. Бардык “Студенттик жаз” фестивалдарында ал жетектеген комузчулар ансамбли алдынкы орунду ээлеп келген. Анын катышуусунда эл аралык академиялык хор коллективдеринин конкурстарына катышып, Эстониянын “Таллин 75” алтын, Болгариянын “Варна 77” күмүш медалга татыктуу болгон. Өзгөн райондук “Ариет” аттуу ыр -бий ансамблин жетектеп, ал 1978- жылы Сирия, Иордания, 1987- жылы Ала- Бука районундагы фольклордук ансамблин жетектктеп , Индия, Непал сыяктуу мамлекеттердин элине концерттик программаларын тартуулашкан. 1999-2001- жылдарда Кытай эл республикасында эки ирет чыгармачылык сапарда болгон. Анын аткаруусундагы күүлөр АКШда компакт дискке жазылган. Москва Ленинград, Самарканд, Душанбе шаарларындагы эл аралык симпозиумга катышып, күү черип, атайын докладдарды окуган. 1987- жылы Кара молдонун 100 жылдыгында 1-орунду жеңип алган. Ал көп жылдык эмгегинде 100дөн ашык республикага таанымал таланттарды тарбиялоого жетише алды. Кыргыз улуттук радиосунун алтын фондунда Ф.Баяковдун чертүүсүндөгү 40тан ашуун күүлөр сакталып, ЭлТР радиосунун фондунда 30, Кытайдагы Кызыл-Суу кыргыз автоном областынын телерадиосунун фондунда15тен ашуун күүлөр жазылып алынган.
Ф.Баяковдун элге кылган эмгеги коомчулук тарабынан татыктуу бааланып, 1984- жылы Кыргыз ССРинин элге билим берүүнүн мыктысы, 1986- жылы СССРдин маданият министрлигинин мыктысы, ВЦСПСтин мыктысы деген төш белгилери менен сыйланган. 1985- жылы Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, эл чыгармачылыгынын Бүткүл Союздук фестивалынын лауреаты болгон. Кыргыз Республикасынын Эмгек даңкы китебине анын ысмы киргизилген. 1993-жылы ага “ КРнын эмгек сиңирген артисти”, ал эми 2006-жылы “КРдин эл артисти” деген ардактуу наам ыйгарылган. 2009- жылы апрель айында болуп өткөн “Биринчи кыргыз салттуу музыка” жумалыгында “Устат-шакирт” фондунан жана Маданият министрлиги тарабынан “Устат” деген наам ыйгарылды. Ф.Баяков үч чырактай перзенттин бактылуу атасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.