Баялинова Елена

Википедия дан

Баялинова Елена Казбековна (1960-жылы 20-январда Ош облусунда төрөлгөн) – саламаттыкты сактоо маселелери боюнча көз карандысыз медиа эксперт.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1967-1977-жылдары Майлуу-Сай шаарындагы №2 орто мектепте окуган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых факультетине “тарыхчы, тарых жана коом таануу мугалими” адистиги боюнча тапшырып, 1982-жылы бүтүргөн.

Кесиптик ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1982-жылдан тарта Елена Кыргыз мамлекеттик университетинин жаңы тарых кафедрасында окутуучу болуп иштеген. Бир жылдан кийин Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Тарых институтунун улук лаборанты болуп, кандидаттык диссертациясынын үстүндө иштеген. 1985-жылы “Кыргызтелефильм” улуттук телестудиясына которулуп, редактор болгон. Ал жерде алты жылдын ичинде 50дөн ашык даректүү тасманы редакциялап чыккан.

1991-жылы Улуттук телеканалдын “Ала-Тоо” программасында жаңылыктардын серепчиси болгон. 1993-жылы “Ала-Тоо” маалыматтык берүүсүнүн орус редакциясынын жаңылыктар бөлүмүнүн башчысы болуп үч жыл иштеген. Ошондон кийин “Эпос” Эл аралык кино жана видео борборунун журналист-редактору болгон.

Елена Баялинова Саламаттык сактоо министрлигине 2002-жылдын май айында келип, басма сөз борборунун жетекчиси, “Здрав Плюс жана Сапаттуу саламаттыкты сактоо” долбоорунун PR адиси болуп 11 жыл иштеген. 2014-жылы Саясат институту менен профилдик кызматтарды көрсөтүү боюнча келишим түзгөн. Эки жыл бою (2013-жылдын сентябрынан 2015-жылдын майына чейин) “Сапаттуу саламаттыкты сактоо” долбоорунун PR адиси болуп эмгектенген. 2014-жылдын июнь айынан 2018-жылдын декабрь айына чейин КР Саламаттык сактоо министрлигинин “Саламаттыкты сактоо уюмдарын каржылоо” долбоорунун PR адиси кызматында иштеген.

Андан кийин 2015-жылдан 2018-жылга чейин созулган “Кургак учукту жеңебиз” долбоорунун PR адиси болот. Туура бир жыл Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомчулук менен байланыш боюнча консультанты, Оорулардын алдын алуу, ден соолукту коргоо жана чыңдоо боюнча маалыматтык-билим берүүчү материалдарды кароо жана бекитүү боюнча Эксперттик кеңештин мүчөсү (2018-жылы) болгон [1]. 2018-жылдын январь айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин Елена Баялинова саламаттыкты сактоо маселелери боюнча көз карандысыз медиа эксперт болуп иштейт [2]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш ​​белгиси менен сыйланган.

2004-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

2003-жылдын июль айында КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Ардак грамотасын алган.

2010-жылы Кыргызстандын Диабетикалык Ассоциациясынын, 2008-жылы Республикалык кан борборунун, 2005-жылы “Пирамида” ТРКнын Ыраазычылык каттарын алган.

Flexi Communications уюмунун “Кыргызстандагы кесипкөй маалымат булагы-2009” изилдөөсүнүн жыйынтыгы боюнча 2009-жылдын мыкты пресс-катчысы деп табылган. Ал эми 2003-жылы КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматын жетектеп турганда ал “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын мыкты басма сөз кызматы” деп таанылган.

2009-жылы Елена Баялинова жетектеген КР Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору “көп жылдык кызматташуусу жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдында жарандарга, саясатчыларга жана медицина кызматкерлерине маалымат берүү үчүн Борбор Азияда теңдеши жок алгачкы Пресс-борборду түзгөндүгү үчүн” АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) ыраазычылык каты менен сыйланган.

Баңгиликтин алдын алуу маселелерин мыкты чагылдырганы үчүн ЖМКлар арасында өткөрүлгөн конкурста байгелүү орунду ээлеген (2012-жылы).

2002-2005-жылдары экологиялык журналистика боюнча конкурстарга, эл аралык сынактарга жана фестивалдарга катышкандыгы үчүн, ошондой эле “Эпос” Эл аралык кино жана видео борборунун атынан социалдык жана башка багыттагы даректүү тасмалардын автору катары бир катар сыйлыктарды алган.

Шилтеме[түзөтүү | булагын түзөтүү]

[1]https://covidstories.kg/ru/elena-bayalinova/ Archived 2022-05-28 at the Wayback Machine

[2] https://24.kg/obschestvo/151882_elena_bayalinova_obyyasnila_pochemu_pokinula_post_sovetnika_glavyi_minzdrava/

  1. 1.0 1.1 https://www.kginform.com/ru/news/20180324/29481.html
  2. 2.0 2.1 https://24.kg/obschestvo/151882_elena_bayalinova_obyyasnila_pochemu_pokinula_post_sovetnika_glavyi_minzdrava/