Касымалы Баялинов

Википедия дан
Баялинов Касымалы‎»‎ барагынан багытталды)
Касымалы Баялы уулу[1]
Туулган датасы:

25 -сентябрь 1902(1902-09-25)

Туулган жери:

Көк-Мойнок айылы, Ысык-Көл облусу

Өлгөн датасы:

3 -октябрь 1979(1979-10-03) (77 жаш)

Өлгөн жери:

Фрунзе, Кыргыз ССР, СССР

Касымалы Баялинов (1902-1979) - жазуучу, котормочу.

Кыскача өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жазуучу Касымалы Баялинов 1902-жылы 25-сентябрда Ысык-Көл районуна караштуу Көк-Мойнок айылында туулган. Жаш кезинен ата-энесинен ажырап туугандарынын колунда чоңойгон.

1916-жылкы көтөрүлүштө качкындар менен бирге Кытайга барат.

Октябрь революциясынан кийин 1918-жылы Токмокко келип, дарыканада дары-дармек ташуучу, ат багуучу, армиялык казармада ашпозчунун жардамчысы болуп ар түрдүү иштерге жалданып иштейт.

1919-жылы К.Баялинов Ленин комсомолуна мүчө болуп өтүп, Ташкенде ачылган алты айлык советтик-партиялык курсту аяктайт.

1920-жылы 6 айлык педагогикалык курска жөнөтүлөт. 1921–1925-жж. Алматыдагы казак педтехникумунда, 1929-1933-жж. Москвада Бүткүл союздук журналистика институтунда окуйт. 1920-жылы Нарын кантонунун Комсомол комитетинде иштейт. 1925-жылы К.Баялинов Москвадагы Борбордук басмакананын Кыргыз секциясына редакторлукка жөнөтүлөт. 1926-1928-жж. жана 1935-1937-жж. Кыргызмамбастын башкы редактору, 1933-1935-жж. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук гезитинин редактору, 1940-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору, 1941-жылдан «Ысык-Көл правдасы» облустук гезиттин редактору, 1944-1947-жж. жана 1949-1955-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын төрагасы, 1947-1949-жж. СССР илимдер академиясынын кыргыз филиалынын тил жана адабият институтунун илимий кызматкери болуп иштеген.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

К.Баялиновдун чыгармачылыгы 1922-жылдан башталат. Анын биринчи ырлары казак, татар тилдеринде басылып чыккан. «Ажар» повести 1926-жылы жарык көргөн.

К.Баялинов публицистикалык макалалардын, очерктердин да автору. Жазуучунун чыгармалары окуу китептерине кирген жана ЖОЖдордун гуманитардык факультеттеринде, илимий мекемелерде изилденүүдө.

К.Баялиновдун сюжети боюнча «Ысык-Көлдүн боюнда» операсы, ар түрдүү жанрдагы бир нече музыкалык чыгармалар түзүлгөн. К.Баялиновдун чыгармалары орус, азербайжан, өзбек, казак, татар, молдован, француз, англис, немис, чех тилдеринде жарык көргөн.

Ал кыргыз окурмандарын А.С.Пушкиндин, М.Ю.Лермонтовдун, А.М.Горькийдин ж.б. чыгармалары менен тааныштырган биринчи профессионал котормочулардын бири болгон.
1939-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

1968-жылдан Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу.

Эки жолу «Эмгек кызыл туу», «Октябрь революциясы» жана «Ардак белгиси» ордендери, «1941-1945-жылдардагы Улуу Атамкендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», В.И.Лениндин 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» медалдары менен сыйланган.

Эл депутаттарынын Фрунзе шаардык Кеңешинин IV чакырылышынын, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Түлкү менен суур. Чабалекей менен жылан: Балдар аңгемелери. (1927)
  • Ажар: Аңгеме. (1928)
  • Мурат: Аңгеме. (1929)
  • Бактылуу жылкычы. (1937)
  • Аңгемелер жыйнагы. (1946)
  • Бакыт: Повесть. (1947)
  • Көл боюнда: Повесть. (1952)
  • Повесттер жана аңгемелер. (1952)
  • Токтогул Сатылганов: Акындын чыгармачылыгы жана баяны. (1954)
  • Курман жылга: Повесть. (1960)
  • Боордоштор: Роман. (1962)
  • Чыгармаларынын эки томдук жыйнагы. (1969)
  • Аңгемелер жана очерк. (1974)
  • Кыйын өткөөл: Повесттер, аңгемелер. (1980)


Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Горький М. Макар Чудра: Аңгеме. Ф.: Кыргызмамбас, 1929. 27 б.
  • Горький М. Макар Чудра: Аңгеме. Ф.: Кыргызмамбас, 1935. 19 б.
  • Дорохов П. Большевиктин уулу. Ф.: Кыргызмамбас, 1935. 24 б.
  • Пушкин А.С. Кавказ туткуну. Ф.: Кыргызмамбас, 1937. 31 б.
  • Пушкин А.С. Руслан менен Людмила. Ф.: Кыргызмамбас, 1937.
  • Пушкин А.С. Евгений Онегин: Ыр менен жазылган роман. Ф.: Кыргызмамбас, 1941. 232 б.
  • Пушкин А.С. Кавказ туткуну. Ф.: Кыргызмамбас, 1948. 48 б.
  • Баширов Г. Намыс. Ф.: Кыргызмамбас, 1955. 511 б.
  • Рашидов Ш. Бороондон күчтүү: Роман. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. –312 б.
  • Нарджми Кави. Весенние ветры. Ф.: Кыргызмамбас, 1960. -494 б.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://gdb.rferl.org/74ed1597-57dd-48ed-bd99-940f4241287c_w650_r0_s.jpg