Мазмунга өтүү

Баястан-Султан

Википедия — ачык энциклопедия

Баястан-Султан - Кыргызстандын түштүгүндө кеңири тараган элдик поэма.

Бул лироэпикалык поэманын сюжети жөө жомок жана легенда түрүндө да айтылат. Өзүнчө обону, күүсү бар. Бул жагынан белгилүү "Мактым сулуу", "Мырза уул менен Ак Саткын" поэмаларына окшош. Сюжет-тик мотивдери "Жаныш-Байыш" жана "Жалайыр жалгыз" поэмаларына Жакын. Поэмада агалы-ини Баястан менен Султандын сырткы баскынчыларга каршы күрөшү, трагедиялуу турмушу баяндалат. Сюжеттик коллизиялардын курчтугуна караганда, чыгарма кыргыз элинин чет элдик басып алуучуларга каршы күрөшүнөн кийин пайда болгон сыяктанат. К. Мифтаков 1947-ж. Ноокат районунда жашоочу Курбанов Султандан бул поэманын жомок түрүндөгү вариантын жазып алган. Түшүндүрмөсүндө К. Мифтаков поэманы кыскартып жазганын, анын кызыктуу, көлөмдүү экенин эскертет. Поэма жарыялана элек.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.