Мазмунга өтүү

Бегиш (ырчы)

Википедия дан
Бегиш
Толук ысымы

Бегалы Белекбаев

Туулган датасы

2 -январь 1992(1992-01-02) (32 жаш)

Туулган жери

Гүлчө айылы, Алай району, Ош облусу, Кыргызстан

Өлкө

 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы

Жанрлары

рэп

Активдүү жылдары

2009-азыркы учурда

Бегиш (толук аты-жөнү Белагы Белекбаев - 2-январь 1992, Ош, Кыргызстан) ― кыргызстандык рэпер.

Кыскача өмүр таржымалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бегалы Белекбаев (Бегиш) 1992-жылы 2-январьда Кыргызстандын Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында жарык дүйнөгө келген. 1999-жылга чейин Алайда чоңойгон, кийин үй-бүлөсү менен Бишкекке көчүп келген. Социалдык тармактарда ата-энеси жөнүндө айтпаганды жактырат, ал интернет дүйнөсү менен жеке жашоосу өзүнчө нерсе деп эсептейт; Болгону ата-энеси азыр татыктуу эс алууда жана иштебей жатканын айткан. Үй-бүлөдө эки бала, андан 19 жаш кичүү Турсунай деген сиңдиси бар.

Бир нече мектепти алмаштырган Бегиш 7-8-класстарда Бишкектеги №39 мектепте окуп, андан соң юридикалык колледжге тапшырган.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн.

2019-жылы рэпер АКШда чоңойгон Толгонай аттуу сүйлөшкөн кызы менен баш кошту. Ушул жылдын жаз айларында Бегиш менен Толгонайдын Ева аттуу кыздуу болушту. Төрөлүү Америкада болгон.

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бегиш 2009-жылы "Жашоомдо ырахат" аттуу биринчи трегин жазган, рэпер анын үстүндө көптөн бери иштеп, эч кимге айтпаган. Бирок үй-бүлөсү жана достору уккандан кийин, көптөгөн шыктануу менен жооптор болуп, ушундан кийин Бегиш рэп карьерасын баштайды.

Сахнага алгач ушул жылы сахналаш досу Баястан менен биргеликте "Керексиң мага" аттуу ыры менен чыкты[1].

Рэпер 2020-жылы май айынын башында элдин үнүндөй жаңырып, тез эле популярдуулукка ээ болгон “Саясат” аттуу манифест ырын чыгарган.

Бегиш 2016-жылы «Zamanbap», 2020-жылы «Кара Тору» альбомдорун чыгарды.

Дискогафиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Эсимде»
  • «Кыш» (Арсен менен бирге)
  • «Эне тил» (Баястан, G-VOO менен бирге)
  • «Теке» (Баястан менен бирге)
  • «Комузчу» (Алина менен бирге)
  • «Бейбижан» (Джая менен бирге)
  • «Жер-Ай» (Айбек Замиров менен бирге)
  • «Сынба»
  • «Саясат»
  • «Облако 53» (G-VOO менен бирге)
  • «Кызым»
  • «Бир жакадан баш»
  • «Шайлоо»
  • «Ата-эне»
  • «Элим алданба» (Абир Касенов менен бирге)
  • «Visa» (Eazy менен бирге)
  • «Сонун болобу»
  • «Ишен» (Айбек Замиров менен бирге)
  • «Эмнеге» (Панацея менен бирге)
  • «Шоро» (Баястан, Ulukmanapo, G-VOO менен бирге)
  • «Кетпе»
  • «24×7» (ZEEP, DVRK45 менен бирге)
  • «Капкарагат» (Bakr менен бирге)
  • «Карек» (Жетиген менен бирге)
  • «Жашагым келет»
  • «Любовь как сон» (Ulukmanapo менен бирге)
  • «Убада берем» (MELLO менен бирге)
  • «Түтүн» (Bakr менен бирге)
  • «Ыйлаба» (Asman менен бирге)

Видеогафиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Трек Чыккан жылы
«Кыш» 2015
«Калптың баары» 2016
«Сынба» 2020
«Саясат» 2020
«Бейбижан» 2022
«Айтчы» 2022

Фильмографиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рэп ырчысы "Ак салкын" тасмасында биринчи жолу рол жаратты[2].

Бегиштин чыгармачылыктан башка эч кандай киреше булагы жок, Zamanbap чачтарачтарына эч кандай тиешеси жок. Рэпер интернет-дүкөн ачкан, бирок азырынча ал киреше алып келбейт, деп мойнуна алган аткаруучу, "Лимон" сайтына берген интервьюсунда.

Ал өзүнө гана эмес, башка ата мекендик жылдыздарга да ыр жазат, бул анын кошумча кирешеси. Маселен, Бегиш Мирбек Атабековдун аткаруусундагы “Сагынган кезде”, Назгүл Токтакунованын аткаруусундагы “Ачууга алдырба” жана башка ырлардын автору.

Коронавирустук пандемия учурунда аткаруучу четте калбоо чечимин кабыл алып, аймактарга COVID-19 менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн фонд ачты.

Кызыктуу фактылар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Рэп артисти бийиктиктен коркорун мойнуна алган.
  • Хоббиси: футбол, 6 жылдан бери профессионалдуу түрдө ойнойт. Азыр ал ышкыбоздук деңгээлде ойноону улантууда.
  • Бегиш көптөн бери жалгыз бала болгондуктан үйдөгү бардык иштерди, жада калса камыр жууруганды үйрөнгөнүн айткан[3].
  1. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 2 -январь (үчтүн айы) 2018. Түп булактан архивделген күнү 28 -август (баш оона) 2024.
  2. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 20 -январь (үчтүн айы) 2021.
  3. архив көчүрмөсү. Текшерилген күнү 12 -август (баш оона) 2020. Түп булактан архивделген күнү 28 -август (баш оона) 2024.