Бедиз

Википедия дан

Бедиз - ташка чегип, оюп, кооздоп сүрөт тартуу. Орхон жазмаларында таштан чегилип жасалган адамдын келбети бедиз деп аталган. Түрк тилинде бедиз көркөмдөө, кооздоо, оюу, кооз имарат тургузуу деген маанини берет. Түрк жазмаларында бедиз баатырлардын тулкусу ташка чегилген жана алардын жанына тизилип коюлган таш тирөөчтөргө (балбалдарга) карата да айтылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4