Кадимки бeзбeлдeк

Википедия дан
Безбелдек‎»‎ барагынан багытталды)
Кадимки бeзбeлдeк.
ургаачы.
Tetrax tetrax

Кадимки бeзбeлдeк (лат. Tetrax tetrax, Linnaeus, 1758):

Жалпы жана өлкөдө таралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда жарым кылым мурда өтө көп санда эмес Суусамырда, Ысыккөлдө, Ош областынын айрым чөлкөмдөрүндө, Талас жана Казакстан менен чектеш Чүй өрөөнүндө уялаган . Азыркы убакта республиканын территориясында уялоосу далилделген эмес. Ысыккөлдө жана Чүй өрөөнүндө учуп өтүүдө өтө эле сейрек. Коңшу Казакстанда уялайт жана дайыма кездешет . Евразиянын чегинде анын ареалы бир топ чоң. Венгриядан тартып батышка карай Обң, Омск дарыяларына чейин. Таралышынын түштүктөгү чеги Воронеж, Саратов жана Омскийге чейин жетет. Поволжңеде дайыма болот. Шериктеш мамлекеттерден сырткары Кытай, Афганистан, Сирия жана Палестинде жашайт.

Саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уялоочу жерлеринде кездешпейт. Бул куштар күзгү учуп өтүшүндө бирин-серин гана байкалат. 1975-жылы 15-ноябрда С.Н. Аксенов 40 куштан турган безбелдектин тобун Чүй өрөөнүндөгү Панфилов районундагы Күрпүлдөк айылынын четинде люцерна талаасында учураган. Чүй өрөөнүндө Жаңыжер айылынын четинде люцерна талаасында 21 жыл мурун сентябрдын аягында В.Н. Катаевский 7 кушту көргөн. 1999-жылы Кыргызстандын Түндүк-Батыш жагында Казакстан менен чектешкен Маймак айылынын четинде А.Н. Ковшарң менен В.И. Тороповалар бир безбелдекти катташкан . Санынын өзгөрүлүшүнүн себептери. Безбелдектин саны мурунку жылдары жана кошуна Казакстанда азайган. Акыркы убакта анын саны Батыш, Түндүк жана Түштүк Казакстанда көбөйүүдө . Уялоого Түндүк Кыргызстанга кайрадан келиши мүмкүн. Негизги себеби – антропогендик фактордун таасир этиши.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Талаалуу же жарым чөлдү кеңири территорияларга жайылышы мүнөздүү. Солодка, төөтикендин, мятликтин жана башка чөп өсүмдүктөрү өскөн жерлерде кездешет. Канаттуу өтө сак. Кыргызстанда безбелдектин биологиясы жөнүндө маалымат өтө аз. Апрелде учуп келишет , уясын жерге эчнерсе төшөбөй эле салат , анда негизинен 3-5 жумуртка болот . Чүй өрөөнүндө уясы майдын ортосунда эле салынат . Күзүндө безбелдектин топтолушу талаада, көбүнчө бедеде кездешет. Негизинен курт-кумурскалар менен азыктанат, кээде өсүмдүктөрдү, мисалы люцернанын жалбырактарын жейт . Күздүн аягында кыштоо үчүн түштүк өлкөлөргө учуп кетишет.

Чектөөчү факторлор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жагымдуу территорияларды казуу, уялаган жерлерине мал жаюу жана браконңерлик.

Көбөйтүү (колдо багуу)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шериктеш мамлекеттер боюнча маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын фаунасынын өзгөчө коргоого алынган түрлөрдүн тизмесине киргизилген. Сейрек жана жоголуп бара жаткан куштардын тизмесинде.Биологиясын изилдөө жана жасалма шарттарда көбөйтүүгө аракет жасоо, андан кийин ылайыктуу жерлерге коө берүү.

Статусу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

VI категория, Near Threatened, NT. Монотиптүү түр. Кыргызстанда 30-40 жылдан бери уялабайт.Орто Азияда сейрек безбелдек уруусунун түрчөсүнөн бирөө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]