Рашид Бейбутов

Википедия дан
Бейбутов Рашид Межид оглы‎»‎ барагынан багытталды)

Бейбутов Рашид Межид оглы - (1(14).12.1915, Тифлис 9.6.1989, Москва) азербайжан ырчысы (тенор), коомдук ишмер, СССР эл артисти (1959), Грузин ССР искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1986), Социалистик Эмгектин Баатыры (1980). Бейбутов Тбилисиде Д. Я. Андгуладзеден ырдоо боюнча сабак алган. Будапешгтеги Бүткүл дүйнөлүк конкурста 1-сыйлыкка ээ болгон (1948). 1944-56-ж. Баку филармониясынын, 1953-60-ж. Азербайжан опера жана балет театрынын солисти. Көрүнүктүү партиялары: Аскер (У. Гажибеков, «Аршин мал алан»), Балаш (Ф. Амиров, «Севиль»). Азербайжан мамлекеттик концерттик ансамблинин уюштуруучусу (1956) жана көркөм жетекчиси. 1966-ж. Ыр театрын уюштурган жана өмүрүнүн акырына чейин ошол театрда көркөм жетекчи жана солист болгон. Көп өлкөлөрдө азербайжан элдик ырларын, дүйнө элдеринин ырларын аткарып, гастролдордо болгон. Бейбутов киного да тартылган («Аршин мал алан», 1945; СССР мамлекеттик сыйлыгы 1946). «Алыскы Индияда» (1952) китебинин автору. Кызы Рашида Ханум Бейбутова (3.11.1958-ж.т., Баку) пианистка, ырчы (меццо-сопрано), 1985жылдан Бейбутов атындагы Азербайжан ыр театрынын солисткасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4