Бейталап жарнама
Көрүнүш
Бейталап жарнама – мазмунуна, таратылуучу убактысына, ордуна жана ыкмасына карата КР мыйзамдарында белгиленген талаптардын бузулушуна жол берилген жазгырмалуу, анык эмес, адеп-актыкка жат, көз көрүнө жалган жана башка маалыматтар. Б. ж. башка товарларды жарнамалоодо колдонулуп жаткан жалпы долбоорду, тексти, жарнамалык формулаларды, сүрөттөрдү, музыкалык же үндүк таасир этүү өзгөчөлүктөрүн окшоштуруп тууроо аркылуу (көчүрмөлөө же окшоштуруу), болбосо жеке адамдардын ишеничтерин же алардын тажрыйбаларынын жана билимдеринин жетишсиздигин кыянат пайдалануу менен керектөөчүлөрдү жарнамаланып жаткан товарга карата жаңылыштыкка алып келет. Б. ж-га жол берилбейт.
== Колдонулган адабияттар ==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7