Мазмунга өтүү

Бейшекеев Асанбек

Википедия — ачык энциклопедия

Бейшекеев Асанбек Жыгаччы жана сүрөтчү. 1944-ж. Кочкор районундагы Теңдик айылында төрөлгөн.

Бишкектеги сүрөтчүлөр окуу жайын бүтүргөн. Эл чыгармачылыгынын биздин республикада өткөн союздук фестивалынын лауреаты. Асанбек жыгачтан ар кандай жанрдагы чыгармаларды түзөт. Чебердин сандыктары менен үкөктөрү көп курдай көргөзмөлөргө коюлуп, анын таланттуулугун далилдеген. Ал ар бир жыгачтын ички касиеттерин ачык, так билет. Ошого карата жасалуучу буюмдардын, түзүүчү композициянын шарттарын аныктайт. Ушундан улам жыгачка кадимкидей кештелеп, оюмчийим берүү салты аныкталат да, кармалган буюму, жаралган чыгармалары уникалдуулукка дейре көтөрүлөт. Чебер жыгачка рельефтүү оюм-чийим түшүрөт. Ашкана буюмдарын жана идиш-аяк, үй эмеректерин, үндүү аспаптарды, боз үйдүн жыгачын кармап, ээр чабат. Сандык менен үкөгүнө жергиликтүү мырза теректи алат. Андан буюм кармоо, ага көркөм оюмчийим түшүрүү өтө ийкемдүү келет. Жыгач оюмдарына «кыял оюмунун» элементтерин, «кулжа мүйүз оюмун» «мүйүз оюмдары» менен тирештирип, ич ара тутамдаштырып берет. Мурунку боз үйдүн каалгасындагы, босого-таягындагы, жүк таңгактарындагы кооздуктарды кайрадан кармап, өнөрдүн бул түрүн калыбына келтирүүгө чебер өз үлүшүн кошууда. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн республикалык II кароо-конкурсу». Жыгач үкөгү үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-сынагы». Жыгач буюмдары үчүн Кыргызстан JCIT БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Ардак грамотасы; 1989-ж. Кыргызстан Эл чеберлер союзун уюштуруу курултайына карата «Элдик чеберлердин республикалык көргөзмөсү». Сандыгы үчүн ЭЧЖРКнүн диплому, медалы.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0